“Айыл чарбасын каржылоо – 12”: Быйыл дыйкан-фермерлерге 7 млрд сом насыя берилет

 “Айыл чарбасын каржылоо – 12”: Быйыл дыйкан-фермерлерге 7 млрд сом насыя берилет

2024-жылы “Айыл чарбасын каржылоо” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге 7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилет. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу максатында КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 26-январдагы тескемеси менен “Айыл чарбасын каржылоо – 12” долбоору кабыл алынды.

 

“Бул долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик 2 коммерциялык банкы катышууда. Кредиттөөнүн көлөмү 7 млрд сомду түздү”, – деп айтылат маалыматта.

 

Белгиленгендей, долбоордун алкагында 2 категория боюнча насыя каралган:

 

1. “Мал чарбачылыгы” категориясына төмөнкү чарба субъекттери кирет:

 

– бодо мал өстүрүү;

– кой, эчки, жылкы, коён өстүрүү;

– канаттууларды (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттууларын) өстүрүү.

 

2. “Өсүмдүк өстүрүү” категориясына төмөнкү чарба субъекттери кирет:

 

– дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– техникалык өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– мөмө-жемиштерди өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– пахта өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– питомниктин мөмө-жемиштерин өстүрүү;

– тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү;

– сугаруунун сууну үнөмдөөчү технологияларын колдонуу (тамчылатып сугаруу, жамгырлатуу);

– күнөскана чарбасын жүргүзүү.

Связанный пост