Коом

Быйыл күз-кыш мезгилине даярдыктар эрте башталат, электр энергиясын керектөөгө чектөө

Быйыл 2024-2025-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү иштерин өткөн жылга салыштымалуу эрте баштоо пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылытуу сезону ийгиликтүү аяктады. “Электр станциялары” ААКтын Токтогул ГЭСнин №1 гидроагрегаты 5-марттан тарта реконструкцияга берилет. Аталган гидроагрегаттын реконструкциялоо иштери план боюнча бүтүп ишке берилсе, 60 […]Читать далее

Коом

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү төмөнкү чекке жетүү коркунучу бар

“Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү төмөнкү чекке жетүү коркунучу бар”, – деп билдирди бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев. Анын айтымында, бүгүнкү күндө суунун көлөмү 7 млрд 753 млн метр куб болсо, былтыр 8 млрд 35 млн метр кубду түзгөн. “Керектөөнүн көптүгүнө байланыштуу жуктөмдү автоматтык чектөө системасы иштеп жатат. […]Читать далее

Коом

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу тууралуу эскертти. Ведомствонун маалыматына таянсак, 4-5-март күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Алар: Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымы; Бишкек— Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымы (Долон ашуусу), […]Читать далее

Аймак

“Каракол” эл аралык аэропортунун курулушу 80%га аяктап калды

“Каракол” эл аралык аэропортунун курулушу 80%га аяктап калды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.   Маалыматка ылайык, башкармалыктын төрагасы Манасбек Самидинов курулуштун жүрүшү жана учурдагы абалы менен таанышты. Азыркы учурда аэропорттун курулушу өз мөөнөтүндө журүүдө, анда иштердин 80%га жакыны бүтүп калды. Аба ырайы жакшырса, учуп-конуу тилкесинде курулуш иштери кайра жанданат, учурда ал убактылуу токтоп […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абад шаарында облустук балдар ооруканасынын жаңы имараты ачылды

Бүгүн Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын жаңы имаратынын ачылыш аземи өттү.   Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, курулушу “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган оорукананын имаратынын ачылыш аземине министр Алымкадыр Бейшеналиев катышты.   Министр өз сөзүндө энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо өкмөттүн жана Саламаттык сактоо министрлигинин ишиндеги артыкчылыктуу багыт экенин баса белгиледи. «Президентибиз Садыр Жапаровдун жана […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб башчысынын Кытайда өткөн иш сапарынын жыйынтыктары

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2024-жылдын 29-февралынан 2-мартына чейин Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен болуп кайтты. Иш сапардын алкагында Минкаб башчысы Кашгар шаарында ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту. Мындан тышкары Кыргызстан, Өзбекстан жана СУАР делегация башчылары үч […]Читать далее

Саясат

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор жолугушту

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуулары өттү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.   Жолугушуу жетишилген макулдашууга ылайык, 2024-жылдын 25-февралынан 3-мартына чейин Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен шаарында өттү.   Анын алкагында тараптар […]Читать далее

Аймак

Ош облусунда мамлекеттик туу күнү белгиленди

Бүгүн, 3-мартта Ош облусунда КР Мамлекеттик туу күнүнө арналган салтанат өттү. Иш-чарага Араван районунда өкүлдүн биринчи орун басары Шайлообек Козубаев, Кара-Суу районунда Иляз Ташбаев, Ош шаарында Талантбек Арстанкулов, район, шаар кызматтарынын жана структуралык түзүмдөрдүн жетекчилери менен кызматкерлери катышты. 1992-жылы 3-март– Кыргыз мамлекетинин кырмызы кызыл Туусунун күнү. Бул 1991-жылы 31-августта Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон тарыхый учурда […]Читать далее

Медицина

Улуттук онкология жана гематология борбору ооруларды диагностикалоо ыкмаларын жакшыртат

Улуттук онкология жана гематология борбору (НКО) жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын радиология бөлүмү «Чек арасыз дарыгерлер» (MSF) уюму менен биргеликте маммография, сүт бездерин Ультра үндүү изилдөө жана Ультра үндүү изилдөө көзөмөл астында биопсия жасоо тармагында квалификацияны жогорулатууга багытталган бир катар окуу мастер-класстарын өткөрүүдө. Мындай мастер-класстар өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат жана «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун сүт бездеринин рагын […]Читать далее

Коом

Бишкекте улуттук каада-салтты сактоого арналган иш-чара өттү

Бишкектеги борбордук китепканада “Улуттук баалуулук – улуттун тамыры” аталышындагы улуттук каада-салтты сактоого арналган иш-чара өттү. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, китепканачылар тарабынан уюштурулган маданий кечеде «Манас» эпосу, кыргыз бийи, ошондой эле кыргыздын каада-салттары аткарылып, улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен коштолду. Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Ринат Бакеев, белгилүү манасчы-жазуучу Темирбек Токтогазиев, республикалык “Кыргыз тили” […]Читать далее