Коом

Мартта кыргызстандыктарды узак дем алыш күндөрү күтөт

Кыргызстандыктар 8-март (жума) Эл аралык аялдар күнүнө карата эс алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт. Мекемеден белгилешкендей, 8-март расмий дем алыш күнү болгондуктан 7-март кыскартылган иш күнү болуп белгиленген. Ошентип кыргызстандыктар үч күн катары менен 8-9-10-март күндөрү эс алат. Андан сырткары, 21-март — Нооруз майрамы бейшемби күнгө туш […]Читать далее

Коом

УКМК: Жеке менчик лабораториялар калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын баасын 50% чейин

Жеке менчик лабораторияларда калкка көрсөтүлүүчү лабораториялык кызматтардын баасы төмөндөтүлүүдө, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, УКМК карапайым калк үчүн көрсөтүлүүчү медициналык лабораториялык кызматтардагы баа саясатын жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында ири жеке менчик медициналык мекемелердин катышуусунда жолугушууларды өткөрдү. Аталган иш-чаралардын алкагында калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана […]Читать далее

Коом

Бишкекте Баткен облусун комплексттүү өнүктүрүүгө багытталган донордук кеңеш өттү

Бүгүн Бишкекте Баткен облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн деңгээлин жогорулатуу, инвесторлорду тартуу үчүн КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен өнүктүрүү багытындагы өнөктөштөрдүн ортосунда диалог жүргүзүү жана туруктуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, донордук кеңеш өттү. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, КР соода-өнөр жай […]Читать далее

Коом

Өзгөн районундагы дээрлик жарым миллиард сомдук базар мамлекетке кайтарылды

КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүп, натыйжада Ош облусунун Өзгөн районунда иштеп жаткан базардын 5 гектар жер тилкеси жана 1000 чарчы метр административдик имараты менен бирге, ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды. Аталган объекттинин базар баасы 470 млн.сомду түзөт. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.Читать далее

Коом

Кыргызстанда акыркы аптада коронавирустун 15 учуру катталды

Кыргызстанда акыркы аптада коронавирустун 15 учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Бишкекте 8, Ошто 4, Чүй облусунда 2 жана Ысык-Көл облусунда 1 учур катталган. Учурда коронавирус боюнча эпидемиологиялык кырдаал туруктуу деп бааланууда.Читать далее

Коом

Кыргызстанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында бүгүн саат 12:22де очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым түндүк-батышта, Алматы шаарынан 40 чакырым түштүктө, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүктө жайгашкан. Жердин силкинүүсү Казакстандын Алматы шаарында 4,5 балл, Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында 4 балл, […]Читать далее

Аймак

Баткенде Мамлекеттик туу жана Ак калпак күнүн белгилешти

Бүгүн Баткен шаарында мамлекеттик туунун кабыл алынган күнүнө жана 5-мартта белгиленүүчү Ак калпак майрамына арналган салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Иш-чаранын жүрүшүндө жергиликтүү таланттар тарабынан концерттик программа тартууланды. Ошондой эле салтанат улуттук кийим кийип, колуна туу көтөргөн жаштардын жөө жүрүшү менен уланды. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым […]Читать далее

Коом

Бишкек Жылуулук электр борборунун иши 30-40 күнгө токтотулат

Толук кандуу оңдоо ишин жүргүзүү үчүн Бишкек Жылуулук электр борборунун жана жылуулук тармактарынын ишин токтотуу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, эгер былтыркы жылы май-июнь айларында өчүрүлгөн болсо, быйыл жылуулук борборлорунун ишин 30-40 күнгө өчүрүү каралууда, бул иштин көлөмүнө жараша болот. “Оңдоо иштеринин графиги […]Читать далее

Коом

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7,7 млрд куб метрди түздү

Бүгүн, 4-мартка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 7 млрд 753 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 162 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 759 куб метрди түзүүдө. Өлкөнүн энергетиктери керектөөчүлөрдү электр энергиясын сарамжалдуу пайдаланууга чакырат.Читать далее

Укук тартиби

Кыргызстанда бир жумада 21 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы

Кыргызстандын аймагында 26-февралдан 3-мартка чейинки аралыкта 21 миң 61 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдайт. Анын ичинде: тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 251; мас абалында унаа башкаруу – 231; автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 75; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – […]Читать далее