Улуттук онкология жана гематология борбору ооруларды диагностикалоо ыкмаларын жакшыртат

 Улуттук онкология жана гематология борбору ооруларды диагностикалоо ыкмаларын жакшыртат

Улуттук онкология жана гематология борбору (НКО) жана И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын радиология бөлүмү «Чек арасыз дарыгерлер» (MSF) уюму менен биргеликте маммография, сүт бездерин Ультра үндүү изилдөө жана Ультра үндүү изилдөө көзөмөл астында биопсия жасоо тармагында квалификацияны жогорулатууга багытталган бир катар окуу мастер-класстарын өткөрүүдө. Мындай мастер-класстар өлкөдө биринчи жолу өтүп жатат жана «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун сүт бездеринин рагын эрте аныктоо жаатындагы аракеттерди колдоонун бир бөлүгү болуп саналат.

Окутуу сабактары медициналык адистерди сүт бездеринин рагын диагностикалоо боюнча заманбап билим жана техникалар менен жабдуу үчүн уюштурулду, анткени ал ооруну эрте аныктоодо жана дарылоодо негизги ролду ойнойт. Мастер-класстарды «Чек арасыз дарыгерлер» уюмунун эл аралык доктору, радиология боюнча адис, УЗИ биопсиясына басым жасаган Сюзан Майр өткөрдү. Программа теориялык жана практикалык сабактарды камтыйт. Теориялык бөлүктө маммологияны ультраүндүү изилдөө, ооруга BIRADS методологиясына ылайык баа берүү жана башкаруу, мурунку изилдөөлөр менен салыштыруу, физикалык текшерүү жана маммография же УЗИ натыйжалары менен байланышы камтылган. Практикалык бөлүгү окуу материалын колдонуу менен УЗИ биопсиясын жүргүзүүнү камтыйт.

«Бул окуу программаларынын максаты маммографияны жана УЗИ изилдөөлөрдү жүргүзүүдө жана интерпретациялоодо, ошондой эле УЗИ менен биопсияларды жүргүзүүдө медициналык адистердин квалификациясынын деңгээлин олуттуу жогорулатуу болуп саналат, – дейт Сьюзан Мэйр, – Бул өлкөдө сүт бездеринин рагын эрте диагностикалоонун жана дарылоонун натыйжалуулугун жогорулатат».

«Бул мастер-класстар биздин өлкөдө биринчи жолу өткөрүлдү. Ал Кыргызстанда өткөрүлгөнгө чейин биопсия жасоого шыгы бар 3-4 гана адис болсо, азыр алардын саны 30га жетти. Биздин өлкө үчүн бул чоң ийгилик», – деп белгилейт мастер-класстардын катышуучусу жана уюштуруучулардын бири, УОжГБнын хирургиялык маммология бөлүмүнүн башчысы Чолпон Дөөлөталиева.

«Биз Кыргыз Республикасынын рак оорусуна каршы күрөшүүдөгү бардык аракеттерин колдойбуз, – деди Андреа Исенеггер, MSF долбоорунун Кыргыз Республикасындагы координатору, – Медициналык адистерге атайын тренингдерди өткөрүү бизге сүт бездеринин рагына өз убагында жана так диагноз коюуга жөндөмдүү саламаттыкты сактоо системасын түзүү үчүн биргелешип иштөөгө мүмкүндүк берет, бул акыр аягында адамдардын өмүрүн сактап калат».

Маалымат үчүн: “Чек арасыз дарыгерлер” (MSF) көз карандысыз гуманитардык уюм болуп саналат, ал табигый кырсыктар, эпидемиялар жана куралдуу кагылышуулар учурунда медициналык жардам көрсөтөт. 50 жылдан ашык убакыт мурун негизделгенден бери биздин максатыбыз адамдардын азабын жеңилдетүү жана муктаж болгондорго медициналык жардам көрсөтүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө 60,000ден ашык кызматкерлер – негизинен дарыгерлер жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери – 70тен ашык өлкөдө адамдарга жардам көрсөтүүдө. MSF саясий уюмдардан эмес, дүйнө жүзү боюнча 6,5 миллион жеке донорлордон каражат алат. 1999-жылы MSF дүйнөлүк Нобель сыйлыгын алган.

Связанный пост