Минкаб башчысынын Кытайда өткөн иш сапарынын жыйынтыктары

 Минкаб башчысынын Кытайда өткөн иш сапарынын жыйынтыктары
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2024-жылдын 29-февралынан 2-мартына чейин Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен болуп кайтты.
Иш сапардын алкагында Минкаб башчысы Кашгар шаарында ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту. Мындан тышкары Кыргызстан, Өзбекстан жана СУАР делегация башчылары үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Мындан тышкары Минкаб башчысы бир катар компаниянын өкүлдөрү жана банктардын жетекчилери менен жолугушту
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов, ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен биргеликте “Уулчат” көзөмөл кампасына жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктуна барышты.
Иш сапардын акыркы күнүндө Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Артыш шаарындагы маданий борборго барып, Кызыл-Суу кыргыз автоном облусундагы жашаган кыргыздардын тарыхы менен таанышып, Манас музейинин ичин көрүп чыкты.
Андан ары Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Кашкар эркин экономикалык аймагына барып, көрсөтмөлүү-көргөзмө павильонуна баш бакты.
Ошондой эле Минкаб башчысы Кашкар эркин экономикалык аймагындагы Нарын эркин экономикалык аймагынын бондалык кампасын жана “Кыргыз почтасы” Мамлекеттик ишканасынын бондалык кампасын көрүп чыкты.
Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 2-мартта 14:30да Бишкек шаарына кайтып келди.

Связанный пост