Нарын облустук милициясынын тергөөчүсү жана Нарын облустук прокуратурасынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жогору аталган кызматкерлер тарабынан кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн пара талап кылгандыгы жөнүндө маалыматтар алынган. […]Читать далее
Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн маданият тармагындагы мамилелери, принципиалдуу пикир келишпестиктердин жоктугу, көптөгөн актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча көз караштарынын окшоштугу, тараптардын өз ара мамилелерди бекемдөөгө умтулуусу достук, коңшулаштык, өз ара […]Читать далее
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең, 7-мартта айрым унаа жолдорунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлө турганын кабарлайт. Ведомствонун маалыматына караганда, кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында төмөнкү жолдордо кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүлөт: – Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырымында; – Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында. Белгиленгендей, кар […]Читать далее
Бишкекте Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин колдоосу менен президенттин Тоолуу райондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Нурлан Айтмурзаев коммерциялык эмес уюмдар, илимий мекемелер жана жарандык коомдун активдүү бөлүгү аркылуу 2023-2027-жылдарга Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча өнөктөштөр жана Жол картасын аткаруучулар менен эксперттик жолугушууну […]Читать далее
Бүгүн Ошто шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштеринин алкагында шаардык автобекет тарабындагы Курманжан-Датка көчөсүнө 60 түп каштан жана туя көчөттөрү отургузулду. Муниципалитеттен билдиришкендей, көчөт отургузууга Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев катышып, быйылкы жылы шаарга 300 миңге жакын бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуу пландалып жатканын билдирди. Ош шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан 2024-жылы […]Читать далее
2024-жылдын 6-мартында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский жетектеген делегация менен жолугушту. Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын билим жана илим тармагындагы кызматташуусунун негизги маселелерин талкуулашты. Министр Догдуркүл Кендирбаева кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди. Министрдин орун басары Константин Могилевский да […]Читать далее
Күн мурун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен “Мармара Стоун” ЖЧКсынын ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюлду. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришкендей, келишим “Ош облусунун Ноокат районунда соода-логистикалык борборун куруу жана башкаруу” долбоорунун алкагында түзүлдү. “Долбоор заманбап соода-логистикалык борборду, анын ичинде соода жана оюн-зоок комплексин, тамак-аш жана азык-түлүк эмес товарларды чекене жана дүңүнөн сатуу үчүн […]Читать далее
Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев баштаган Кыргызстандын делегация иш сапары менен Лондон шаарына (Улуу Британия) барды. Улуттук банктан билдиришкендей, иш сапардын алкагында Кубанычбек Бөкөнтаев англиялык кесиптеши Эндрю Бэйлин менен жолугушту. Борбордук банктардын жетекчилери Улуу Британияда жана Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясат маселелерин талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө инфляциянын пайда болгон факторлоруна жана жөнгө салуучу […]Читать далее
Айрым ГЭСтерде реконструкция жүргүзүлүп жатканына байланыштуу электроэнергияга чектөөлөр киргизилди
Кыргызстанда 5-марттан тарта электр энергиясын берүүдө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул Токтогул ГЭСинин 250 мегаваттагы бир агрегатын реабилитациялоо жана Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоо иштерине байланыштуу. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында, чектөөлөр эртең менен кечинде электр энергиясы көп пайдаланылган маалда гана киргизилиши мүмкүн. “Токтогул ГЭСиндеги агрегаттар 2021-жылдан бери реабилитацияланып […]Читать далее
2024-жылга «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого 1,7 млрд сом каралган. Финансы министрлигинен билдиришкендей, жогоруда аталган ишкананы субсидиялоого каражат республикалык бюджеттен «Мамлекеттик ишканаларды субсидиялоо» беренеси боюнча каралган. Анын ичинен «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынан келип түшкөн арыздардын негизинде үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында 750 млн сомдук каражаттар каржыланды. Белгилей кетсек, бул чыгашалар калк үчүн жылуулук […]Читать далее