Кыргызстан менен Казакстан маданият жаатындагы кызматташтыгын тереңдетет

 Кыргызстан менен Казакстан маданият жаатындагы кызматташтыгын тереңдетет

Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн маданият тармагындагы мамилелери, принципиалдуу пикир келишпестиктердин жоктугу, көптөгөн актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча көз караштарынын окшоштугу, тараптардын өз ара мамилелерди бекемдөөгө умтулуусу достук, коңшулаштык, өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдүү өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү менен мүнөздөлөөрүн белгилешти.

 

Министр Алтынбек Максүтов биргелешкен аракеттер эки өлкөнүн интеграциялык байланыштарын кеңейтип, чыңдап, достук форматындагы мамилелерди курууга көмөктөшүп, элдердин жакындашуусуна салым кошот деген ишенимин билдирди.

 

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу маселелерин, учурдагы абалын жана келечегин талкуулашып, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын билдиришти.

Связанный пост