Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалын түзүү маселеси каралууда

 Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалын түзүү маселеси каралууда

2024-жылдын 6-мартында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Россия Федерациясынын Илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Константин Могилевский жетектеген делегация менен жолугушту.

 

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын билим жана илим тармагындагы кызматташуусунун негизги маселелерин талкуулашты.

 

Министр Догдуркүл Кендирбаева кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендигин билдирди. Министрдин орун басары Константин Могилевский да өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөнү жактады.

 

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөр макулдашылды:

 

– иштеп жаткан программалардын жана долбоорлордун алкагында кызматташууну улантуу;

 

– 2024-2025-жылдарга биргелешкен иш-чаралардын планын даярдоо;

 

– Каракол шаарында Москва мамлекеттик университетинин филиалын түзүү маселесин иштеп чыгуу.

 

Мындан тышкары Кыргыз-Россия Славян университетинин ишмердүүлүгү, аталган окуу жайдын медициналык факультети үчүн жаңы педиатрия корпусун куруу, окуу жайда педагогикалык факультет ачуу жана кесипкөй мугалимдерди даярдоо маселеси да талкууланды.

Связанный пост