Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн башчысы жана кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери, тактап айтканда, жаак-бет хирургия бөлүмүнүн башчысы К.А.С. менен дарыгер А.Ш.А. бейтаптардан акча каражаттарын системалуу түрдө алуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы […]Читать далее
Бүгүн Ош шаарында окуучулар үчүн атайын автобустардын алгачкы каттамы ишке кирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бул демилге Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды. Аталган автобустар күнүнө үч жолу, эрте менен, түшкүсүн, кечкисин акысыз каттайт. Автобустар төмөнкү багыттар боюнча каттайт: №1 мектептик автобустук каттамы Н.Исанов көчөсүндөгү троллейбустун акыркы аялдамасы – А.Шакиров – А.Масалиев […]Читать далее
Республикалык штабдын жыйынында экономика тармактарынын жана калктын күз-кыш мезгилине даярдыгы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын жана калкты 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Штабдын жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраевдин отчету угулуп, энергетика тармагындагы абалга аналитикалык баяндама жасап, кыш мезгилинде калкты жана ишканаларды электр […]Читать далее
Токтогул районунда баңгизат жасоо менен алектенген адамдардын тобунун иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жарандары Э.у.Э., Э.у.У. жана А.у.А. жүргөн авто унаа кармалган. Тинтүү учурунда унаанын ичинен жалпы салмагы […]Читать далее
Жогорку Кеңеште “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында депутаттар 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык жөнүндө, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын учурдагы абалы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” жарлыгынын ишке ашырылышы тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматын укту. Депутаттарга Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу айтып, ГЭСтердеги абал, жылуулук борборлорун жана калкты […]Читать далее
Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилигинин көмөгү менен Silk Way Travel компаниясы жана «l Jazeera Airways авиакомпаниясы тарабынан уюштурулган туристтик роуд-шоу өттү. Иш-чараны Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов куттуктоо сөзү менен ачып, Кыргызстан үчүн туризм өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп. “Мамлекеттин […]Читать далее
ТҮРКИЯНЫН ЭГЕЙ ЖЭЭГИН ПОПУЛЯРДУУ ВЕЛОСИПЕД ЖОЛДОРУ АРКЫЛУУ ИЗИЛДЕҢИЗ Түркиянын Эгей аймагы – бактылуулуктун көгүлтүр жээги деп аталган бул жер, ар кандай табитке жана тажрыйба деңгээлине ылайыктуу жолдор менен велоспорт сүйүүчүлөрү үчүн бейиш болуп саналат. Бул маршруттар велосипедисттерди өзүнө тартып турган бардык маанилүү өзгөчөлүктөргө ээ: кооз жээктер, керемет пейзаждар, байыркы шаарлар, тарыхый айылдар, Cittaslow шаарлары жана […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектеген делегациясы Катар мамлекетинин Доха шаарында “Спорт дипломатиясы” урааны астында өтүп жаткан Азиядагы Диалогдук Кызматташтык Уюмунун (ДКА) Үчүнчү Саммитине катышты. Эдил Байсалов өз сөзүндө спорт дипломатиянын маанилүү куралы катары Азия континентинде кызматташтыкты бекемдөөгө жана өнүгүүгө салым кошуусу керектигин белгиледи. Бул контекстте ал Кыргыз Республикасы тарабынан демилгеленип, […]Читать далее
Бишкекте КМШга мүчө-мамлекеттердин Салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңеши болу өттү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкекте өтүп жаткан КМШга мүчө-мамлекеттердин Салык кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 31-жыйынында сөз сүйлөдү “Мен дароо биздин бүгүнкү жолугушуубуздун темасынын актуалдуулугун белгилегим келет – “Төлөмдөрдүн ачык-айкындуулугу жана аны кайтаруунун жеңилдиги үчүн КНСти башкаруудагы санариптик чечимдер”-деп сөзүн баштаган Акылбек Жапаров, учурда дүйнө санариптик трансформациянын доорунда жашап жатканын, технология […]Читать далее
“Кыргызфармация” ишканасы ишке киргенден бери Кыргызстанда дары-дармектин баасы арзандады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, мурдагыга салыштырмалуу ооруканаларда дары-дармектин баасы 200-600%га чейин арзандады. “Кыргызфармация” ишканасы дары-дармек чыгарган тарап менен түз иштешип, анын жыйынтыгында мындай арзандатууларга жетишүүдө. Буга чейин менчик фармацевтикалык компаниялар дарыны алып келип баасын өздөрү коюп, тендер менен сатып келишкен”, […]Читать далее