Аймак

Ысык-Көлдө селден жабыркагандарга үйлөр курула баштады

Ысык-Көл районунун Темир айылында селден жабыркагандарга үйлөр курула баштады. Бул Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ыоайык, министрлер кабинетинин тапшырмасы менен Ысык-Көл районунун Тамчы айылына Мамкурулуш тарабанынан Royalsafa уюмунун демөөрчүлүгү менен 5 турак үйдүн курулушу башталды. Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында 2024-жылдын август айында селден жабыркаган Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл […]Читать далее

Коом

4 миң жумуш орду, 100 компания – Бош орундар жарманкеси

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун адам потенциалын жогорулатуу жана иш менен камсыз кылуу боюнча активдүү чараларды киргизүү боюнча демилгесинин алкагында Бишкек шаарында Бош орундар жана кесиптер – 2024 жарманкеси болуп өттү, ага борбор калаабыздын 100дөн ашык алдыңкы компаниялары катышты. Уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда 50 миң сомдон жогору өлчөмдөгү пенсияны миңге жакын адам

Кыргызстанда 50 миң сомдон жогору өлчөмдөгү пенсияны миңге жакын адам алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев брифингде билдирди. Соцфонддун төрагасы белгилегендей, эң көп пенсияны мурдагы президенттер же министрлер албайт. “Жогорку пенсия алгандар тууралуу маалымат бере албайм, укугум жок”, – деген Алиев, мурдагы бийлик өкүлдөрүнүн пенсиясы орточо өлчөмдө экенин, жогорку өлчөмдөгү пенсияны эмгек акысы […]Читать далее

Аймак

«Асман Эйрлайнстын» учагы Бишкек – Баткен багыты боюнча алгачкы каттамын

Бишкек – Баткен багыты боюнча биринчи жолу учкан «Асман Эйрлайнс» мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Баткен шаарына конду. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдады.   Учактын алгачкы каттамын КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баш болгон жергиликтүү жетекчилер салтанаттуу тосуп алышты.   Жаңы учак […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Эдил Байсалов Азиядагы кызматташтык боюнча диалогдун алкагында бир катар жолугушууларды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Азиядагы кызматташтык диалогу уюмунун Үчүнчү саммитине катышуунун алкагында бир катар чет элдик делегациялар менен жолугушууларды өткөрдү. Атап айтканда, Эдил Байсалов Мьянманын вице-премьер-министри Тхан Све, Камбоджанын вице-премьер-министри Ханг Чуоннарон, Непалдын тышкы иштер министри Арзу Рана Деуба, Сингапурдун тышкы иштери боюнча улук мамлекеттик министри, улуттук өнүктүрүү министри Сим […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Депутаттар Жалал-Абаддагы ипотекалык үйлөрдүн курулушу менен таанышты

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы ипотекалык турак жай объектилеринин курулушу менен таанышты. Парламенттен билдиришкендей, эл өкүлдөрү «Asman residence-1», «Asman residence-8» (Малашева көчөсү № 51 и №61), «Asman residence-9» (Ж. Абдрахманов көчөсү №10), «Asman residence-3» (Жеңи-Жок көчөсү № 4а), «Asman residence-2» (Манас – Р.Азимов көчөлөрүнүн кесилиши) «Asman residence-7» (Достук көчөсү) «Asman residence-10» […]Читать далее

Президент

Садыр Жапаров Ыйык Тактынын (Ватикан) Мамлекеттик катчысы Пьетро Паролин менен

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактынын (Ватикан) Мамлекеттик катчысы Пьетро Паролин менен жолугушту.   Мамлекет башчысы Ватикандын маданияттар жана диндер аралык диалогду чыңдоо аракетин канааттануу менен белгиледи.   Кыргызстандагы ички саясий кырдаалга токтолуп, Садыр Жапаров акыркы жылдары өлкөдө демократиялык институттарды бекемдөөгө жана стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган маанилүү реформалар жүрүп жатканын баса белгиледи. […]Читать далее

Аймак

Ош шаарында дагы 4 суу кампасы курулууда

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жалпы көлөмү 24 000 куб метрди түзгөн 4 даана таза суу кампасынын курулуш иштерин көрүп чыкты. Шаар башчысы суу кампаларын сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасын койду. Эске салсак, буга чейин да Ош шаарында жалпы көлөмү 24 000 куб метр болгон 4 суу кампа курулуп, пайдаланууга берилген.Читать далее

Аймак

Ак-Талаада май куюучу жайдын 12 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы май куюучу жайдын 12 млн сомдон ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМКнын тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын балансына май куюучу жайдын жер участогу кайтарылды, анын болжолдуу баасы 12 млн 300 миң сомду түзөт. Мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары жеке ишкер менен […]Читать далее

Президент

Ватиканда Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болду

Бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактыга (Ватикан) жасаган расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Рим Папасы Франциск менен жолугушту.   Мамлекет башчысы тынчтыктын, адилеттүүлүктүн жана элдер менен диндердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жогорку принциптерин жана идеалдарын илгерилетүүгө болгон берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.   Садыр Жапаров Рим Папасы Францисктин […]Читать далее