Аймак

Ош шаарында дагы 4 суу кампасы курулууда

Бүгүн, 4-октябрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жалпы көлөмү 24 000 куб метрди түзгөн 4 даана таза суу кампасынын курулуш иштерин көрүп чыкты. Шаар башчысы суу кампаларын сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасын койду. Эске салсак, буга чейин да Ош шаарында жалпы көлөмү 24 000 куб метр болгон 4 суу кампа курулуп, пайдаланууга берилген.Читать далее

Аймак

Ак-Талаада май куюучу жайдын 12 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы май куюучу жайдын 12 млн сомдон ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМКнын тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын балансына май куюучу жайдын жер участогу кайтарылды, анын болжолдуу баасы 12 млн 300 миң сомду түзөт. Мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары жеке ишкер менен […]Читать далее

Президент

Ватиканда Садыр Жапаровдун Рим Папасы Франциск менен жолугушуусу болду

Бүгүн, 4-октябрда Ыйык Тактыга (Ватикан) жасаган расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Биринчи айым Айгүл Жапарова Рим Папасы Франциск менен жолугушту.   Мамлекет башчысы тынчтыктын, адилеттүүлүктүн жана элдер менен диндердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнүн жогорку принциптерин жана идеалдарын илгерилетүүгө болгон берилгендиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирди.   Садыр Жапаров Рим Папасы Францисктин […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Алайкудагы мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышты

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында,  Кара-Кулжа районундагы Алайку айыл өкмөтүнүн Кан-Коргон айылында жайгашкан Жусуп Мамыр атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылышына катышты. “Бүгүн  Кара-Кулжа районунун  Кан-Коргон айылындагы Жусуп Мамыр атындагы сметалык баасы 68 млн. сомдук, 225 орундуу орто мектебинин ачылышына күбө болуп олтурасыздар. Кыргыз Республикасынын […]Читать далее

Укук тартиби

Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн башчысы жана дарыгери кармалды

Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн башчысы жана кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Атайын кызмат тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери, тактап айтканда, жаак-бет хирургия бөлүмүнүн башчысы К.А.С. менен дарыгер А.Ш.А. бейтаптардан акча каражаттарын системалуу түрдө алуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы […]Читать далее

Аймак

Ош шаарында окуучулар үчүн акысыз автобустар каттамга чыкты

Бүгүн Ош шаарында окуучулар үчүн атайын автобустардын алгачкы каттамы ишке кирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Бул демилге Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылды. Аталган автобустар күнүнө үч жолу, эрте менен, түшкүсүн, кечкисин акысыз каттайт. Автобустар төмөнкү багыттар боюнча каттайт: №1 мектептик автобустук каттамы Н.Исанов көчөсүндөгү троллейбустун акыркы аялдамасы – А.Шакиров – А.Масалиев […]Читать далее

Министрлер кабинети

Республикалык штабдын жыйынында экономика тармактарынын жана калктын күз-кыш мезгилине даярдыгы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын жана калкты 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Штабдын жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраевдин отчету угулуп, энергетика тармагындагы абалга аналитикалык баяндама жасап, кыш мезгилинде калкты жана ишканаларды электр […]Читать далее

Укук тартиби

Токтогулда баңгизат жасоо менен алектенген адамдардын тобу кармалды

Токтогул районунда баңгизат жасоо менен алектенген адамдардын тобунун иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагында баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР жарандары Э.у.Э., Э.у.У. жана А.у.А. жүргөн авто унаа кармалган. Тинтүү учурунда унаанын ичинен жалпы салмагы […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Министр: Республика боюнча электр энергиясынын тартыштыгы 300-400 МВт түзөт

Жогорку Кеңеште “Элдик” депутаттык тобунун жыйынында депутаттар 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык жөнүндө, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагынын учурдагы абалы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын энергетика тармагындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” жарлыгынын ишке ашырылышы тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматын укту.  Депутаттарга Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кыргызстанда 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык тууралуу айтып, ГЭСтердеги абал, жылуулук борборлорун жана калкты […]Читать далее

Коом

Эр-Риядда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчилигинин көмөгү менен Silk Way Travel компаниясы жана «l Jazeera Airways авиакомпаниясы тарабынан уюштурулган туристтик роуд-шоу өттү. Иш-чараны Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов куттуктоо сөзү менен ачып, Кыргызстан үчүн туризм өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной тургандыгын белгилеп. “Мамлекеттин […]Читать далее