Коом

Жол кырсыктарын азайтууда эл аралык тажрыйбаларды колдонуу маселеси талкууланды

Күн мурун, 18-августта ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков менен Борбор Азиядагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча БУУнун аймактык өкүлчүлүгүнүн башчысы Андрей Селезневдун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыктын жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн алкагында жол […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери Россиядан 3 миңдей мигрант депортацияланды

2025-жылдын биринчи жарымында Россия Федерациясынан мыйзам бузган 2,8 миң мигрант депортацияланган. Бул тууралуу Интерфакс Россиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазды. Анда белгиленгендей, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 17%га көп. Ошондой эле бул аралыкта 791 чет элдик жаран орус жарандыгынан ажыратылган. Жыл башынан бери Ички иштер министрлиги чет өлкөлүктөргө убактылуу жашоого уруксатты 31,6%га (16,6 миң) […]Читать далее

Ден соолук

Кыргызстан жана Түркия трансплантология тармагындагы кызматташтыкты чыңдоодо

Бүгүн  Р. Т. Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достук ооруканасында Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Түркиянын Саламаттык сактоо министринин орун басары Нуруллах Окумуш менен жолугушту. Түркиялык делегация Кыргызстанга расмий визит менен келген. Жолугушууда тараптар мурда эки өлкө өкмөттөрү кол койгон келишимдердин алкагында саламаттык сактоо жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин, өзгөчө трансплантация жана заманбап дарылоо ыкмаларын Кыргызстанда киргизүү боюнча […]Читать далее

Президент

Кыргызстан менен Россиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-августта Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Россиянын президенти Владимир Путиндин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Аляскада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча пикир алмашышты. Садыр Жапаров россиялык-америкалык саммит ишенимди бекемдөөгө жана глобалдык чыңалууну басаңдатууга карай маанилүү кадам болгонун белгиледи. Ал ошондой эле кыргыз тарап Россия Федерациясы […]Читать далее

Коом

Кыргызстан Россиядан кезектеги азык-түлүк жардамын алды

Россия Кыргызстанга 1 280 тоннадан ашуун кезектеги азык-түлүк жардамын берди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Азык-түлүк БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАП) алкагында акысыз берилди жана өлкө боюнча аялуу үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт. Кошумча байытылган буудай унун жана өсүмдүк майын болжол менен 5 100 аз камсыз болгон үй-бүлө алат. Алар ДАП долбоорлорунун алкагында ирригациялык […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартиби бекитилди

Министрлер кабинети Кургак учуктан дарылануудан баш тарткан адамдарды обочолонтуу тартибин токтом менен бекитти. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул токтом калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубатчылыгын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын аймагында кургак учуктун жайылышын алдын алуу, “Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” КР мыйзамынын 117-беренесин ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Токтом Саламаттык сактоо министрлигинин […]Читать далее

Укук тартиби

Ысык-Көл районунун акими соттун чечими менен камакка алынды

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 4-сентябрга чейин камакка алынды. Аталган райондук соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, сот ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн айыпталуучуга карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрүн тандоо жөнүндөгү өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Жапарбек Ормонов Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (“Коррупция”) 2-бөлүгү боюнча айыпталууда. Ормонов район акими […]Читать далее

Спорт

Кыргызстан менен Япония спорттук кызматташтыкты чыңдоодо

Бүгүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов Япониядан келген делегацияны кабыл алды. Агенттиктен билдиришкендей, делегацияны Майдзуру шаарынын мэри Акицу Камота жетектеп келди. Ошондой эле жолугушууга Кыргызстан – Япония Парламенттик достук тобунун мурдагы депутаты Сачико Хориба жана Майдзуру менен Яидзу шаарларынын өкүлдөрү катышты. Айбек Абдымомунов Кыргызстан менен Япония спорт тармагында активдүү кызматташып келе […]Читать далее

Билим

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга 29 миңден ашык абитуриент кабыл алынды

Кыргызстанда жаңы окуу жылында жогорку окуу жайларга 29 миң 169 абитуриент кабыл алынды. Бул тууралуу “Абитуриент онлайн” платформасында айтылат. Ресурстун маалыматы боюнча, анын ичинен 7 миң 59 студент бюджеттик негизде, ал эми 22 миң 110 студент контракттык негизде окууга өттү. Күндүзгү бөлүмгө 27 миң 738 студент, ал эми сырттан окуу бөлүмүнө 1431 студент кабыл алынды. […]Читать далее

Экономика

Кыргызстандан малды экспорттоо дээрлик эки эсеге кыскарды

Кыргызстандан малды экспорттоо дээрлик эки эсеге азайды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, малдын экспорту министрлик тарабынан малдын этине баанын негизсиз көтөрүлүп кетишине жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында көрүлгөн чаралардан улам азайган. Айтсак, 2025-жылдын башынан бери Кыргызстандан жалпы 30 493 баш […]Читать далее