Энергетика министри Таалайбек Ибраев 7-11-майда иш сапары менен Сеул шаарына барды. Министр Кореянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Ва Джин Хан жана соода, өнөр-жай жана энергетика министри Ан Дук Гендин чакыруусу боюнча барган. Ведомстводон маалымдашкандай, министрдин иш сапарынын негизги максаты Кореянын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, Кыргызстандын энергетика тармагына инвестиция тартуу болгон. Алгач энергетика […]Читать далее
Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 10-майдан тартып улуттук валютанын жаңы бешинчи сериядагы 2023-жылдын үлгүсүндөгү номиналы 5000 сом банкнотун жүгүртүүгө чыгарды. 2023-жылдын үлгүсүндөгү 5000 сом банкнотунун алдыңкы бетинде кыргыздын залкар инсаны, актёр жана сүрөтчү С. Чокморовдун портрети, арткы бетинде “Ала-Тоо” кинотеатрынын имараты сакталган. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калган. 5000 сом номиналындагы банкнот жасалма […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-майда, Кыргыз Республикасынын банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу: “Урматтуу банк системасынын кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүүгө негиз салган, эгемен Кыргызстан үчүн тарыхый окуя саналган улуттук валютабыз – кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 7-9-майда Россия Федерациясына болгон иш сапары аяктады. 8-майда Москвадагы Чоң Кремль сарайында Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө келишимге кол коюлган күндүн он жылдыгына карата өткөрүлгөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин (ЖЕЭК) мааракелик жыйынына катышты. Иш-чара Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын төрагалыгы астында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун, Казакстан […]Читать далее
Аламүдүн капчыгайында бүгүн 2-күн изделип жаткан россиялык 3 турист аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, туристтер Новосибирсктеги тааныштарына байланышка чыгышканда ӨКМ Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери алардын турган дарегин ГУГЛдан болжолдуу видеого түшүрүшкөн. Бүгүн таң эрте издөөгө чыккан куткаруучулар болжолдуу түшүрүлгөн дарекке карай багыт алышкан. “Ошентип акыркы алынган маалыматка […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Москва шаарында Кызыл аянтта Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган парадга катышты. Кызыл аянттагы башкы аскердик парадга 9 миңден ашуун адам, 70 даана аскер техникасы жана авиация катышты. Жөө колоннанын курамына салттуу болгон түрлөрү боюнча бөлүнгөн полктор, батальондор жана […]Читать далее
Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Улуу Жеңиш майрамына арналган митинг-реквиемге
Бүгүн, 9-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 79 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты. Ошондой эле салтанатта Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов баштаган жетекчилер, ардагерлер, шаар тургундары, меймандар жана өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү болду. Алгач Өчпөс отко гүлчамбар коюлуп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор […]Читать далее
Кыргызстандык альпинист Эдуард Кубатов Гиннестин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу Guinness World Records расмий сайтында жарыялады. Маалыматта айтылгандай, “Манаслу чокусуна кошумча кычкылтексиз чыккан эң кары адам 1972-жылы 2-январда туулган кыргызстандык Эдуард Кубатов болгон. Ал буга 2022-жылдын 1-октябрында 50 жаш 273 күндүк курагында жетишкен. “Кабар” агенттиги учурда Гималайда алдыдагы чокуларды багындыруу үчүн жүргөн альпинист, Кыргызстандын альпинизм […]Читать далее
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда кызамык менен ооругандардын саны азайып жатканын кабарлады. Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, 7-майга карата өлкөдө кызамык оорусунун 9 миң 509 учуру катталды. Анын ичинен: Бишкек шаарында — 3 300; Ош шаарында — 588; Ош облусунда — 1 442; Баткен облусунда — 283; Чүй облусунда — 2 244; Жалал-Абад облусунда — 1262; […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун дарегине Жеңиш күнүнө карата чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан куттуктоолор келип түштү. Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Минкаб башчысы Акылбек Жапаровго куттуктоо телеграммасын жөнөттү. «Ушул эсте каларлык күнү биз адамзатка бейпил келечек тартуулап, Жеңиш үчүн өз өмүрүн берген аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын эрдиги жана каармандыгына сыймыктануу сезимин […]Читать далее