Коом

ЖЭБде жабыркагандар Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациясын улантышат

Бүгүн, 2024-жылдын 10-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам ооруканасына барып, комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен биргеликте ЖЭБде жабыркаган эки жабырлануучуга консилиум өткөрдү.   Консилиумдун жыйынтыгында бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды.   Министр бейтаптар Түркиянын Адана шаарындагы Шаардык илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө үч […]Читать далее

Аймак

Ала-Бука районунда 70 орундуу заманбап медициналык борбор ачылды

Бүгүн Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Келте айылында облустун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун калкын тейлөө мүмкүнчүлүгү бар заманбап “Бакыт” медициналык борбору ишке берилди. Бул тууралуу КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты. Заманбап жабдыктар менен камсыздалган медициналык […]Читать далее

Укук тартиби

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз майнинг-ферманын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Ысык-Ата районунда мыйзамсыз майнинг-ферманын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан энергетика тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана өлкөдөгү электр энергиясынын олуттуу тартыштыгын эске алуу менен жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ысык-Ата районунун аймагында майнинг-ферманын (криптовалюта алуу боюнча өндүрүш) мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталган. Алсак, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган “Кылмыштардын жана […]Читать далее

Аймак

Быйыл Кыргызстандан Кытайга 10 миң тоннага чейин гилас экспорттолушу күтүлүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде гилас өндүрүүчүлөр жана экспорттоочулар менен жумушчу жолугушуу өттү. Ведомстводон билдиришкендей, жыйында гиласты өстүрүү, түшүм жыйноо, калибрдөө, ташуу, зыянкечтерден жана илдеттерден коргоо чаралары боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Анын жыйынтыгында быйылкы жылы Кыргызстандан Кытайга 10 миң тоннага чейин гиласты экспорттоо пландалып жатканы айтылды.Читать далее

Коом

Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды

Бишкектеги № 27 орто мектепте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды. Ачылыш аземине Биринчи май районунун башчысы Сарылбек уулу Улан, башчынын орун басары Айнура Арстамбекова, ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин карындашы Анара Түлебердиева, шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелис Бейшеев, ооруктун эмгекчилери, Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери, ата-энелер коомчулугу жана мектеп окуучулары […]Читать далее

Укук тартиби

Жалал-Абаддагы 412 млн сомдук борбордук базарлардын бири мамлекетке кайтарылды

Жалал-Абад шаарындагы Кадыр Батыровдун аффилирленген жактарына таандык болгон борбордук базарлардын бири мамлекетке кайтарылды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, алынган базардын баасы 412 млн сомдон жогору деп бааланууда. Атайын кызмат тарабынан Жалал-Абад шаарынын аймагында жер тилкелерин, өндүрүш жана соода аянттарын мыйзамсыз берүү жана сатып алуу менен байланышкан кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында “Шабдалы-Зар” соода-базар комплекси мамлекеттин менчигине […]Читать далее

Коом

Катарда кыргыз жарандары үчүн виза режимин жөнөкөйлөтүү маселеси талкууланды

Кыргызстандын элчиси Марат Нуралиев Катардын ички иштердин мамлекеттик министри шейх Абдулазиз бин Файсал Аль Тани менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүүундө тараптар кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин, эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда мурда кол коюлган документтердин аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты. Мындан тышкары, эмгек мигранттарынын жүрүү шарттары, ошондой эле Кыргызстандын жарандары […]Читать далее

Саясат

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим 15-16-майда расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Бул сапар Малайзиянын премьер-министринин Борбор Азия боюнча сапарынын алкагында өтөт, биринчи барган өлкө – Кыргызстан болот. Сапардын жүрүшүндө жогорку жана бийик деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылууда. Жолугушууларда Кыргызстан-Малайзия мамилелеринин бардык чөйрөсүн активдештирүү, атап айтканда, саясий, […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда салык төлөөчүлөр QR-коду аркылуу бирдиктүү терезенин ишин баалай алышат

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында салык органдарында бирдиктүү терезелердин ишинин сапатын баалоо боюнча онлайн сервисти ишке киргизүүдө. Ведомстводон маалымдашкандай, эми салык төлөөчүлөр кызматтардын сапаты боюнча жергиликтүү салык органдарына жайгаштырылган QR-кодду сканерлөө менен өз пикирлерин калтыра алышат. Сын-пикир жөнөтүү үчүн уюлдук телефондун камерасын QR-кодго багыттап, 5 баллдык көрсөткүч боюнча баалоо керек. Ошондой […]Читать далее

Президент

Бир грамм алтын уурдалбайт. Садыр Жапаров акыркы талкуу жараткан маселелер

Соңку учурда өлкөдөн алтын чыгарылып кетти делген видео тарап, ал коомчулук арасында кызуу талкууларды жаратууда. Ошондой эле Ысык-Көлдө комуз формасындагы пирстин курулушу дагы кайчы пикирлерди жараткан. Буга байланыштуу “Кабар” агенттиги мамлекет башчысына бир катар суроолор менен кайрылып, жооп алды. — Асхат Осмонов аттуу жаран социалдык тармакта “Кыргыз алтынын чет өлкөгө жашыруун чыгарып кетүүдө” деген видео […]Читать далее