Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиш күнү менен куттукташты

 Чет мамлекеттердин өкмөт башчылары Акылбек Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Жеңиш күнү менен куттукташты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун дарегине Жеңиш күнүнө карата чет мамлекеттердин өкмөт башчыларынан куттуктоолор келип түштү.

Азербайжан Республикасынын Премьер-министри Али Асадов Минкаб башчысы Акылбек Жапаровго куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

«Ушул эсте каларлык күнү биз адамзатка бейпил келечек тартуулап, Жеңиш үчүн өз өмүрүн берген аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын эрдиги жана каармандыгына сыймыктануу сезимин сезебиз. Каардуу согуштун оор сыноолорун башынан өткөргөн элдерибиздин достугу мындан ары да бир туугандык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо үчүн бекем пайдубал болуп кызмат кыла берерине ишенем», – деп айтылат куттуктоодо.

****

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын милдетин аткаруучу Михаил Мишустин Минкаб башчысы Акылбек Жапаровду Жеңиш күнү менен куттуктады.

«Ушул салтанаттуу күндө биз фашисттик баскынчыларды талкалап, Мекендин эркиндигин жана кез каранды эместигин коргогон советтик жоокерлердин эрдигине жана баатырдыгына башыбызды ийебиз. Алардын болуп көрбөгөндөй эрдиги азыркы жана келечек муундардын эсинде ар дайым жашайт. Оор сыноолордун жылдарында калыптанган аскердик достуктун салттары Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасын байланыштырган союздук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да чыңдай берээрине ишенем. Кыргызстанда жашаган фронттун ардагерлерине жана тыл эмгекчилерин чын жүрөктөн куттуктап, чың ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалайм», – деп айтылат куттуктоодо.

****

Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду Жеңиш күнү менен куттуктады.

«Бул күнү биз өзгөчө сыймыктануу жана ыраазычылык сезими менен  келечек муундардын эркиндиги, көз карандысыздыгы жана жашоо укугу үчүн бирдиктүү катарда күрөшкөн чоң аталарыбыз менен аталарыбыздын даңктуу муундарынын эрдигин даңазалайбыз. Катаал согуш жылдарында калыптанган бузулбас достуктун, ынтымактын жана өз ара жардамдын салттары мындан ары да биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо үчүн ишенимдүү негиз болуп кызмат кыла берээрине ишенем», – деп айтылат телеграммада.

****

Беларусь Республикасынын Премьер-министри Роман Головченко Министрлер Кабинетинин Төрагасына куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

«Бул күнү биз, жалпы эркиндик үчүн дүйнөнү нацизмден коргогон бир тууган элдерибиздин эрдигин өзгөчө ыраазычылык сезими менен баалайбыз. Жалпы тарыхты урматтоо, достук жана өз ара колдоо мындан ары да Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы ар тараптуу байланыштарды чыңдоо үчүн ишенимдүү негиз болуп кызмат кыла берээрине ишенем», — деп белгиленет телеграммада.

Связанный пост