ЖЭБде жабыркагандар Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациясын улантышат

 ЖЭБде жабыркагандар Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациясын улантышат

Бүгүн, 2024-жылдын 10-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам ооруканасына барып, комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен биргеликте ЖЭБде жабыркаган эки жабырлануучуга консилиум өткөрдү.

 

Консилиумдун жыйынтыгында бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды.

 

Министр бейтаптар Түркиянын Адана шаарындагы Шаардык илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө үч айга жакын дарыланып келишкенин белгиледи. Жабырлануучуларга бир катар операциялар жасалды. Учурда бейтаптардын абалы туруктуу, бирок аларга алдыда реабилитация, андан кийин этаптуу реконструкциялоо операциялары талап кылынат.

 

Жабырлануучулар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевич Жапаровго алардын дарылануусуна көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылыктарын билдиришти. Ошондой эле Адана клиникасынын бардык медициналык кызматкерлерине, Кыргызстандын Анталиядагы Башкы консулдугуна жана аларга жардам берген Түркиядагы бардык мекендештерге ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Эскерте кетсек, жабыркагандар жакындары жана эки кыргызстандык дарыгердин коштоосунда 4-февралда президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга учуп кетишкен. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө болуп, жабыркагандарды Түркияга жеткирүү жана дарылоо үчүн каржылык каражаттар бөлүнгөн.

Связанный пост