Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды

 Бишкекте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды

Бишкектеги № 27 орто мектепте Чолпонбай Түлөбердиев атындагы музей ачылды.

Ачылыш аземине Биринчи май районунун башчысы Сарылбек уулу Улан, башчынын орун басары Айнура Арстамбекова, ардагерлер кеңешинин төрагасы Маркил Ибраев, Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин карындашы Анара Түлебердиева, шаардык ардагерлер кеңешинин төрагасы Мелис Бейшеев, ооруктун эмгекчилери, Ооган жана Баткен согушунун ардагерлери, ата-энелер коомчулугу жана мектеп окуучулары катышты.

Музейди, согуш даңк залын уюштурууга жана Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин бюстун орнотууга муниципалдык администрация тарабынан акча каражаты бөлүндү.

Белгилей кетсек, аталган музейди түзүүнүн максаты – баатырдык баракчалардын тарыхый эстелигин сактоо, ошондой эле жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо жана өнүктүрүү болуп саналат.

Связанный пост