10-майда саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдик унаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жылып, унаа өтүүчү жолду жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты. “Буга байланыштуу жол каттам жабылган. Тазалоо иштери бүгүн, 11-май күнү “Чайна-Роуд” ишканасы тарабынан жүргүзүлөт”, – деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, жеринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы бут кийим товарларын ата мекендик өндүрүүчүлөргө жана экспорттоочуларга продукцияны Казакстан Республикасынын аймагына ташып келгенге чейин же бажы жол-жоболоруна киргизгенге чейин маркалоону сунуштайт. Казакстан Республикасынын бут кийим товарларын маркалоонун жана байкоо жүргүзүүнүн жаңы эрежелерине ылайык, идентификациялоо каражаттары менен маркаланбаган бут кийим товарларын жана алардын калдыктарын жүгүртүүгө жана жүгүртүүдөн чыгарууга жол берилбейт. Мындан тышкары, […]Читать далее
Энергетика министри Таалайбек Ибраев Сеулга болгон иш сапарынын алкагында Кореянын соода, өнөр-жай жана энергетика министри Ан Док Гын менен жолукту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактары, энергиянын натыйжалуулугу, жаңы технологиялар, эки тараптуу тажрыйба алмашуу жана Корея менен Кыргызстандын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум сыяктуу тармактарда кызматташуу жолдорун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 3-апрелинде кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун пенсиялык жана тарифтик саясат чөйрөсүндөгү реформа […]Читать далее
Өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бар Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун колдоосу астында, алдоо жана коркутуу жолу менен С.Э. аттуу жарандын мүлкүн жана биргелешкен бизнестеги үлүшүн ээлеп алган КР жараны А.М.Т кармалып, тергөө абагына киргизилди. Аны менен […]Читать далее
МинКабдын кезектеги жыйынында бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынып, мамлекеттик
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү 20 маселени карашты, алардын көбү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө багытталды. Кабыл алынган чечимдердин бири Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин баштапкы жана орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү […]Читать далее
9-майда Чолпон-Ата шаарында жаңы ачылган эс алуу сейил бакта Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын элесин чагылдырган көркөм скульптуралык композициясы ачылды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов, Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубеков, Чыңгыз Айтматов […]Читать далее
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Талас шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында, социалдык контрактын негизинде социалдык жардам алып, канаттуулар фермасын ачкан үй бүлөнүн ишмердүүлүгү менен таанышууга барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет. Чакан бизнести алты баланын энеси Лира Эшеналиева түзгөн. “Лира Эшеналиева биринчилерден болуп мамлекет менен социалдык контракт түзгөн. Ал 100 […]Читать далее
ЖЭБде жабыркагандар Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациясын улантышат
Бүгүн, 2024-жылдын 10-майында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тез жардам ооруканасына барып, комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен биргеликте ЖЭБде жабыркаган эки жабырлануучуга консилиум өткөрдү. Консилиумдун жыйынтыгында бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды. Министр бейтаптар Түркиянын Адана шаарындагы Шаардык илимий-изилдөө ооруканасынын күйүк бөлүмүндө үч […]Читать далее
Бүгүн Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл аймагынын Келте айылында облустун Аксы, Ала-Бука жана Чаткал районунун калкын тейлөө мүмкүнчүлүгү бар заманбап “Бакыт” медициналык борбору ишке берилди. Бул тууралуу КР Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты. Заманбап жабдыктар менен камсыздалган медициналык […]Читать далее