Социалдык контракттын алкагында 88 канаттуулар чарбасы боюнча долбоор ишке ашты

 Социалдык контракттын алкагында 88 канаттуулар чарбасы боюнча долбоор ишке ашты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Талас шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында, социалдык контрактын негизинде социалдык жардам алып, канаттуулар фермасын ачкан үй бүлөнүн ишмердүүлүгү менен таанышууга барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Чакан бизнести алты баланын энеси Лира Эшеналиева түзгөн.

“Лира Эшеналиева биринчилерден болуп мамлекет менен социалдык контракт түзгөн. Ал 100 миң сомго эки инкубатор жана бройлер тоок сатып алган. Бүгүнкү күндө ал сезон учурунда 40 миң сомго чейин киреше табат. Инкубатордон чыккан жөжөлөрдү жана жумуртка сатып киреше табат.

Эки жылдын ичинде социалдык контракттын программасынын алкагында өлкө боюнча 88 канаттуулар чарбасы боюнча долбоор ишке ашкан. Анын үстүнө ар бир төртүнчүсү Ош облусунда. Бардык үй-бүлөлөр туруктуу киреше алышат”, – деди Гүлнара Баатырова.

Связанный пост