Чолпон –Атадагы жаңы эс алуу багында Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын элесин чагылдырган көркөм скульптуралык композиция ачылды

9-майда Чолпон-Ата шаарында жаңы ачылган эс алуу сейил бакта Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын элесин чагылдырган көркөм скульптуралык композициясы ачылды.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жапарбек Ормонов, Чолпон-Ата шаарынын мэри Азамат Турдубеков, Чыңгыз Айтматов атыдагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Джунушев, атайын чакырылган меймандар жана шаар тургундары катышты.

 

Эс алууга келгендер эми сейил бактан “Делбирим”,”Кылым карытаар бир күн”, “Эс тутумун жоготкон”, “Сары-Өзөктүн ачуу жаңырыгы”, “Кыямат”, “Дөнөнбай кушу тууралуу уламыш”, “Толгонай”, “Нургазы”, “Танабай”, “Султанмурат”, “Данияр менен Жамиля”, “Биринчи мугалим” жана башка чыгармалардагы каармандары көрүп, эстетикалык ырахат алуу менен бирге, Айтматовдун чыгармаларын дагы жакындан биле алмакчы.

 

Скульптуралык композияциялар Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилип, алардын сакталышын камсыз кылуу жагы тапшырылды.

 

Иш –чарага катышкандар сейил бакта орнотулган эмгектер менен таанышып чыгып, мындай көркөм кооздук жаңы маданий жайдын көркүнө көрк кошуп гана тим болбостон, заманыбыздын залкары Айтматовдун чыгармаларын даңазалоонун бир түрү катары кызмат кыла турганын белгилешти.

 

Иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 95-100 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесин аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясы, Чолпон-Ата шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзу коомдук уюму менен биргеликте ишке ашты.

 

Эске салсак аталган сейил бак Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен салынып, ишке ашып, № 2 Мамлекеттик резиденциясынын аймагын бөлүп берген.

 

Жалпы аянты 16 гектарды түзөт, анын аймагында: амфитеатр, веложол, көпүрөлөр, фонтан, жасалма арал жайгашкан. Сейил бак Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлүп берилген болчу.

Связанный пост