Коом

Дыйкан-фермерлер үчүн Россиядан 40 тонна сапаттуу буудай үрөнү алып келинүүдө

3 пайыздык жеңилдетилген насыя алган дыйкан жана фермерлер үчүн Россиянын “Щёлково Агрохим” компаниясынан 40 тонна суперэлита жана элита репродукциясындагы сапаттуу буудай үрөндөрү алып келинүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бул үрөндөр кийинки жылдары көбөйтүлүп, жергиликтүү фермерлерге таратыла баштайт. Мындан тышкары, үрөндү сыноо жана адаптациялоо иштери тиешелүү агрохимиялык жана лабораториялык […]Читать далее

Шайлоо

Шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин саны 250дөн ашты

Шайлоодо ат салыша турган талапкерлердин саны 250дөн ашты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 14-октябрга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшыргандардын саны 257ге жетти. БШК белгилегендей, талапкерлерден арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрда ѳтѳт. Талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.Читать далее

Коом

ТИМ жарандарга АКШда иммиграциялык көзөмөл күчөтүлгөнүн эскертет

Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына АКШда иммиграциялык көзөмөлдүн күчөтүлгөнүн эскерткен билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматы боюнча, АКШнын федералдык иммиграциялык органдары ири шаарларда чет элдик жарандардын иммиграциялык макамын текшерүү боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат. Кыргызстандын АКШдагы мекемелери кабыл алуучу өлкөнүн тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта болуп, Кыргызстандын жарандарынын кармалышы мүмкүн болгон учурлар боюнча мониторинг жүргүзүүдө. Жарандардан кайрылуулар түшкөн […]Читать далее

Аймак

Өзгөндө жаңы мектептин курулушу аяктады

Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында жаңы мектептин курулушу аяктады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Күн мурун президенттин өкүлү Элчибек Жантаев Өзгөн районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында курулуп бүткөн жаңы мектеп жеринен таанышып чыкты. Эки кабаттуу заманбап мектеп 275 орунга ылайыкталып, бардык талаптарга жооп берген шарттар менен камсыздалган. Мектепте спорт зал да каралган. Билим уясы […]Читать далее

Ден соолук

Кыргызстанда кызамык менен ооругандар азайды

Жыл башындагы оор эпидемиологиялык кырдаалга карабастан, өлкөдө өзгөчө акыркы айларда кызамык оорусу туруктуу төмөндөп жатканы байкалууда. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борбору (РИБ) маалымдайт. Маалыматка ылайык, ооругандардын саны азайды. ‎2025-жылдын 9 айында өлкөдө кызамык оорусунун тастыкталган 8 949 учуру катталды, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла аз (13 380 учур). ‎Оорунун эң көп төмөндөшү 2025-жылдын сентябрында […]Читать далее

Экономика

Өлкөдө товар өндүрүүчүлөргө 4,08 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

2-октябрга карата “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоорунун алкагында республиканын 6 486 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыя берилди. Финансы министрлигинен билдиришкендей, берилген насыянын жалпы көлөмү 4 млрд 80 млн 95 миң сомду түздү, анын ичинде: “мал чарбачылыгы” тармагы боюнча 3 381,37 млн сом суммасында 5 442 субъектти түзөт; “өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 441,02 млн сом суммасында 898 […]Читать далее

Министрлер кабинети

Өлкөдө балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени башталды

Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени башталды. Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Катчылыгы Балдарды коргоо борбору менен биргеликте уюштуруп жаткан иш-чара үстүбүздөгү жылдын 24-октябрына чейин уланат. Пландаштырылган иш-чаралардын максаты – балдарда инсан катары өзүн-өзү сыйлоого негизделген активдүү жашоо позициясын калыптандыруу жана балдарга карата зордук-зомбулукка жол бербөө боюнча БУУнун Балдардын […]Читать далее

Экономика

Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун кирешеси 5 млрд сомго чейин өстү

КР Социалдык фонду Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) 2025-жылдын январь-сентябрь айларындагы инвестициялык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. 2025-жылдын 9 айында Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттары ар кандай каржылык инструменттерге бөлүнгөн: мамлекеттик баалуу кагаздарга 12,90-16 пайыздык жылдык кирешелүүлүгү менен 9 млрд 378,4 млн.сом инвестициялаган; коммерциялык банктардын депозиттерине 12 жана 18 айлык мөөнөт менен 4 млрд105 млн сом өлчөмүндө […]Читать далее

Аймак

“Кемин” көмөк чордону кышка 95 пайыз даяр

500/220/35 кВ “Кемин” көмөк чордону кышка 95 пайыз даяр. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган көмөк чордон өлкөдөгү эң ири 4 көмөкичордондун бири болуп саналат. Июнь айында Чүй электр тармактар ишканасы тарабынан көмөк чордондогу 1-автотрансформатор кезектеги оңдоодон өткөрүлсө, октябрь айында 2-автотрансформатор 500 кВ реакторду бөлүкчөлөрү менен оңдоодон өткөрүлдү. Мындан тышкары, 220 кВ тарабынан […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан менен Япониянын ортосунда кош салык салууну жоюу пландалууда

6-9-октябрда Бишкекте Кыргызстан менен Япониянын расмий делегацияларынын ортосунда Киреше салыгына кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу долбоорун түзүү боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар макулдашуу долбоорунун жоболорун кеңири талкуулашты. Жыйынтыгында тараптар аталган документтин долбоорун принципиалдуу түрдө макулдашышты. Макулдашууга ар […]Читать далее