Коом

2024-жылы бала бакчаларды оптималдаштыруу менен кошумча 26 миң орун түзүлгөн

Соңку эки жыл ичинде өлкөдө бала бакчалардын уктоочу бөлмөлөрүн оптималдаштыруу менен кошумча орундар түзүлүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2024-жылы уктоочу жайларды натыйжалуу колдонуунун аркасында 900дөн ашык кошумча тайпа ачылып, 26 миң 220 бала кабыл алынды. 2025-жылдын ушул күнүнө чейин дагы 9 миңден ашык бала бакчага жайгаштырылды. Бул иш кийинки жылы да улантылып, […]Читать далее

Экономика

Кыргызстандагы орточо айлык маяна 42,6 миң сомдон ашты

2025-жылдын январь–август айларында Кыргызстандагы орточо айлык номиналдык маяна 42 миң 648 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди. Ал кошумчалагандай, эмгек акы 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19,6 пайызга өскөн. Белгиленгендей, эң көп айлык акынын жогорулашы кыймылсыз мүлк, курулуш, саламаттык сактоо, маалымат жана байланыш, социалдык тейлөө, кесиптик, илимий жана […]Читать далее

Аймак

Баткендик дыйкан кулпунай өстүрүп, 34 млн сом киреше тапты

Баткен районунда дыйкан кулпунай өстүрүп, 34 млн сом киреше тапты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Жаңы-Жер айылындагы жергиликтүү дыйкан мамлекеттин жерлерин ижарага алып, интенсивдүү ыкма менен кулпунай өстүрүп келе жатат. Өткөн жылы дыйкан 17 млн сомго чейин киреше таап, 100 тоннадан ашык кулпунайды экспортко чыгарган […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда жыл башынан бери инфляция 5,5 пайызды түздү

Жыл башынан бери Кыргызстанда керектөө бааларынын өсүшү 5,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди. Анын маалыматы боюнча, республика боюнча 2025-жылдын январь-сентябрь айларында: тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 6,4 пайызга жогорулады; алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына баа 5,1 пайызга өстү; тзык-түлүк эмес товарларга баа 3,3 пайызга жогорулады; […]Читать далее

Экономика

Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү жыл башынан бери дээрлик 10 млрд

2025-жылдын январь–август айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 9 миллиард 848,1 миллион АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева Бишкекте өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу тышкы соода жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 9,1 пайызга кыскарган. Экспорттук жеткирүүлөр 23,7 пайызга азайса, импорттук алып келүүлөр 5,2 пайызга […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстан менен Венгрия Евробиримдиктин алкагында кызматташууну күчөтүүгө даяр

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Венгриянын тышкы иштер жана экономикалык байланыштар министри Петер Сийярто менен жолукту. Тараптардын жолугушуусу Амангелдиевдин өлкөгө болгон жумуш сапарынын алкагында өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Европа биримдигинин алкагында кызматташууну, анын ичинде санкцияларды талкуулашты. Данияр Амангелдиев Кыргызстандын ырааттуу экономикалык өнүгүүсүн сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Евробиримдикке мүчө мамлекеттер менен санкция маселелери боюнча […]Читать далее

Экономика

Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 1,2 трлн сомдон ашты

2025-жылдын 9 айында ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 1 трлн 240,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдирди. Анын маалыматы боюнча, бул 2024-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 10 пайызга өскөн. Ал кошумчалагандай, 2024-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү төмөнкүлөрдүн эсебинен камсыздалды: фармацевтика продукциясын өндүрүүнүн 2,3 эсеге жогорулашы; […]Читать далее

Укук тартиби

Нарында ЖКККБнын башчысы алдамчылыкка шектелип кармалды

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 9-октябрда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте кызматтык абалынан пайдаланып алдамчылыкка шектелген Нарын РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы К.Н.Т. кармалды. УКМК Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда көмүрдүн айрым түрлөрүн унаа менен экспорттоого чектөө киргизилди

15-октябрдан тартып Кыргызстанда көмүрдүн айрым түрлөрүн унаа менен экспорттоого убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” ААКтан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул чаралар ички рынокто көмүрдүн тартыштыгын болтурбоо жана баанын негизсиз өсүшүн алдын алуу максатында 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилинде кабыл алынды. Чектөөлөр көмүрдү автомобиль транспорту менен экспорттоого жана ташып чыгуу иштерине гана тиешелүү. “Ал эми темир жол […]Читать далее

Министрлер кабинети

Бишкекте жугуштуу оорулар ооруканасында жаңы балдар бөлүмү ачылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев борбор калаада Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын жаңы балдар имаратынын ачылыш аземине катышты. МинКаб Төрагасы өз сөзүндө өлкөнүн эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууда инфекциялык кызматтардын өзгөчө ролун белгиледи. “Инфекциялык оорукана эпидемиологиялык коопсуздуктун негизги коргогучтарынын бири жана оорулардын жайылышын алдын алуудагы негизги линия болуп […]Читать далее