Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы жана депутаты пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы коррупцияга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы менен депутаты “Капчыгай” кафесинин мурдагы ээсинен пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Кино тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жолугушууда актуалдуу маселелер жана тармакты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Тактап айтканда, кино тартуу үчүн павильон куруу, кыргыз киносун эл аралык аренада таанытуу, кыргыз тилиндеги анимация багытын өнүктүрүү, кино тармагына заманбап технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү […]Читать далее
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери Кыргызстандын аймагына 70 миңден ашуун этникалык кыргыздар көчүрүлгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Көчүрүлгөндөрдүн жалпы санынан 65 миң адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышкан. Кайрылман макамын УКМКнын, Ички иштер министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин, Калкты каттоо департаментинин өкүлдөрүнөн турган […]Читать далее
Президенттин администрациясынын коллегиясынын чечими менен айрым мамлекеттик органдардын ишине баа
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгы менен айрым мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү баа берилип, кээ бир жетекчилерге тартиптик чара көрүлдү: – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын–акимдердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин аймактардагы маданият үйлөрүнүн, китепканалардын ишин уюштуруудагы аракеттери жетишсиз деп […]Читать далее
Мамкурулуш агенттигинин директоруну орун басары Талант Иманакун уулу Сауд өнүктүрүү фондунун фонддун өкүлдөрүнө Кыргызстандын билим берүү объекттеринин курулушуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттарын тапшырды. Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан биринчи этап боюнча 30 млн доллар каражат бөлүнүп, 28 мамлекеттик мектеп жана 2 бала бакча курулган. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө алдыда экинчи […]Читать далее
ТҮРКИЯ – “ЧЕКСИЗ УНИКАЛДУУ ТАЖРЫЙБАЛАР ӨЛКӨСҮ” Түркияга баруу бул жөнөкөй саякат эмес, бул ар түрдүү жана бай тажрыйбаларга чөмүлүү. Бул өлкө Жер Ортолук деңизинде жеке саякат жана турпакеттер үчүн эң ар түрдүү тажрыйбаларды сунуштайт. Ошол себептен бул укмуштуудай өлкөдө ар бир кадам жаңы окуяны ачып, сиздин күтүүлөрүңүздү ашып түшөт. Стамбулдун жандуу маданий текстилдеринен тартып, […]Читать далее
Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан ИИМдин Ички чалгындоо кызматынын катышуусунда жүргүзүлгөн комплекстүү тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында күн мурун, 30-июлда кызматтык бөлмөсүндө 83 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда Балыкчы шаарындагы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам […]Читать далее
Жыл башынан бери Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү боюнча бөлүмдөрү тарабынан жалпы көлөмү 741,8 сомдон ашык зыян аныкталып, бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 3 772 укук бузуулар жана кылмыштар катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, укук бузуулар боюнча ачылган 3 520 иштердин жыйынтыгы менен 26,4 […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дарданов Нурлан Камалбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Эскерте кетсек, бүгүн министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунда президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дарданов Нурлан Камалбековичти ээлеген кызмат ордунан бошотуу жөнүндө тиешелүү […]Читать далее
1-августтан баштап Бишкек— Балыкчы — Бишкек поездинин курамына VIP-купе категориясындагы дагы бир жогорку комфорттогу вагон киргизилет. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, вагондун ичинде 6 купе бар. Алардын ар биринде жумшак дивандар, кенен стол, панорамалык терезелер, электрондук түзүлүштөрдү кубаттоо үчүн USB жана Type-C туташтыргычтар, аудио-стерео системалар бар. Ошондой эле абаны […]Читать далее