Укук тартиби

УКМК эл аралык издөөдө жүргөн жаранды кармады

УКМК кызматкерлери тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды   Ведомстводон билдиришкендей, атайын кызмат тарабынан Интерпол эл аралык кылмыш полициясынын Башкы катчылыгынын каттоосу боюнча өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлердин реестринде эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстандын 1992-жылы туулган С.И.И. аттуу жараны кармалды.   Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун маалыматына ылайык, С.И.И. шериктери менен биргеликте жасалма бажы жүк декларацияларын тариздеген, […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысын

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.   Маалыматта белгиленгендей, Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу фактысы аныкталды.   Тергөөнүн жүрүшүндө К.Б. аттуу нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы оорулуу балдардын ата-энелеринен аларга көрсөткөн кызматтары үчүн системалуу түрдө акча чогултуп жүргөн. Алынган каражаттардын […]Читать далее

Коом

Эмгек министрлиги: Бүгүнкү күндө 20дан ашык өлкөдө Кыргызстандын 199 диаспоралык

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын 199 диаспоралык уюму 20дан ашык өлкөдө жашайт. Диаспоралардын эң көп саны КМШ өлкөлөрүндө – 135: • Россияда – 124, • Казакстанда – 7, • Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Украинада – бирден уюм. Европа өлкөлөрүндө 37 диаспора иштейт, Түркияда – 7, Германияда- 10, Италияда – 9, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров Чүй облусунда ишкерлер менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумуш сапары менен барды. Алгач минкаб төрагасы Акылбек Жапаровго суусундуктарды чыгаруучу заводдун, азык-түлүктөрдү дүңүнөн саткан соода компаниясынын, жумуртка, айнек, бөтөлкө капкактарын, мал тоютун, бут кийим, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалардын жана финансылык кызмат көрсөткөн компания сыяктуу 12 ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу тааныштырылды. Анда Акылбек Жапаров өзгөчө жарандарга жумуш орундарын түзүп, […]Читать далее

Коом

Камчыбек Ташиев Дөлөн Өмүрзаков стадионунун реконструкция иштери менен таанышты

Бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев Дөлөн Өмүрзаков атындагы Бишкек шаарынын башкы спорттук аренасынын капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты.   Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, көчмө жыйынга Бишкек шаарынын мэринин орун басары Азамат Кадыров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: 300 батир Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп берилет

Курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай комплексинин 300 батири мамлекетке өттү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта караганда, УКМКнын дарегине Орто-Сай айылындагы 3,08 гектар жер тилкесинин тең ээси болгон эки жаран 17 жаштагы Б.С. аттуу жарандан алданып калгандарын айтышып, арыз менен кайрылышкан. Анын негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө, Б.С. аттуу жаран үлүш ээлери менен макулдашуусуз […]Читать далее

Аймак

Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн салынып жаткан жеке турак үйлөрдүн

Мамкурулуш агенттиги тарабынан Ош облусунун Чон-Алай районунун Бурган-Суу айылында Афганистандын Кичи жана Чон Памиринен келген этностук кыргыздар үчүн салынып жаткан жеке турак үйлөрдүн курулушу аяктап калды. Турак үйлөрдүн курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Курулуш жумуштары “Олимп и Ко” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлүүдө. 2023-жылы 3 үйдүн курулушу бүткөрүлгөн, ал эми 2024-жылы курулушу уланган 7 үйдүн даярдыгы […]Читать далее

Укук тартиби

Салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын инспектору кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын Жайыл району боюнча башкармалыгынын улук инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет. Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан 2024-жылдын 30-июлунда мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Кылмыштардын бирдиктүү реестринин алкагында автоматташтырылган маалымат тутумунда катталган кылмыш ишинин негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү «Опузалап пара талап кылуу» фактысы […]Читать далее

Аймак

Бакай-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген 4,2 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды

Бакай-Атада мыйзамсыз менчиктештирилген 4,2 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын талаптарынын сакталышына карата жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бакай-Ата районунун Түйтө айылында жайгашкан турак жай куруу үчүн каралган 4500 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке тарапка менчикке берилип кеткендиги аныкталган. Райондук прокуратура тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы […]Читать далее

Президент

КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына кол койду. Ушул мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 27-июнунда кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган түзөтүүлөрдү карайт. Мында, атап айтканда кабыл алынган мыйзам менен көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана башка […]Читать далее