Президент

Бишкекте Кыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-августта, Кыргыз темир жолунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.   Иш-чара Кыргыз темир жолунун тарыхына жана түптөлүшүнө арналган тасманы көрсөтүү менен башталды.   Президент Садыр Жапаров сүйлөп жатып, “Кыргыз темир жолу “Улуттук компаниясы” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин, ошондой эле улуттук маанидеги темир жолдун түптөлүшүнө зор салым кошкон ардагерлерди […]Читать далее

Коом

ТИМ кыргызстандыктарга Израиль жана Ливанга баруудан алыс болууну сунуштайт

Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарына Израиль Мамлекетине жана Ливан Республикасына баруудан алыс болууну сунуштайт. Ошондой эле министрлик Ливан жана Израилде жашаган Кыргызстандын жарандарына региондогу кырдаал турукташканга чейин жеке коопсуздук чараларын күчөтүүсү зарыл экенин белгилейт. Ошону менен бирге ТИМ белгиленген өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандары ыкчам байланыш үчүн Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: Бүгүнкү күндө экономикалык дипломатия – учурдун талабы

Бүгүнкү күндө экономикалык дипломатия – учурдун талабы. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди.   Жолугушууда мамлекет башчынын жана Министрлер кабинетинин жетекчилигинин иш сапарларынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери […]Читать далее

Экономика

Салык кызматы 1-сентябрга чейин мүлк салыктарын төлөө керектигин эскертти

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө 1-сентябрга чейин бир катар мүлк салыктарын төлөө керектигин эскертет.   Ведомстводон билдиришкендей, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:   – транспорт каражатына салык,   – турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),   – үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.   Өз убагында төлөбөгөн учурда жеке […]Читать далее

Укук тартиби

Ошто электр энергия сатуу кызматынын бөлүм башчысы пара менен кармалды

Ошто электр энергия сатуу кызматынын бөлүм башчысы пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Ош шаарынын электр энергия сатуу кызматы ишканасынын кызмат адамына чара көрүүнү өтүнгөн. Анткени ал жоопкерчиликке тартуу менен коркутуп, механикалык электр эсептегичти электрондук эсептегичке […]Читать далее

Экономика

Кара-Балтада алтындын куймаларын чыгаруучу завод ишке киргизилет

Август айында Кара-Балта шаарында алтындын чендик куймаларын чыгаруучу завод ишке киргизилет. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.   Анын айтымында, бул завод Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ачылат. “Республика боюнча 100 өнөр жай объектисин ишке киргизүү планына карата “Кыргызалтын” август айында эки иш-чараны […]Читать далее

Экономика

Япониялык компания Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Токио шаарында Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев менен Япониядагы эң ири дүң соода компанияларынын бири болгон “Sumitomo Corporation” компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда Эркинбек Осоев Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттары, ошондой эле биздин өлкөдө энергетика, тоо-кен, айыл чарба, транспорт жана IT тармактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу айтып берди. […]Читать далее

Экономика

“Кыргызалтын” 6 айда 48,2 млрд сомдук алтын жана күмүш куймаларын

“Кыргызалтын” 6 айда 48,2 млрд сомдук алтын жана күмүш куймаларын сатты. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, алтын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаментине, Улуттук банкка сатылчу. Азыр компаниянын тарыхында биринчи жолу 2024-жылдын апрель айынан баштап алтын жана күмүш куймаларын Лондондогу баалуу металлдар […]Читать далее

Экономика

“Кыргызалтын” ишканасынын активдери 95 млрд сомдон ашты

“Кыргызалтын” ишканасынын активдери 95 млрд 650 млн сомду түздү. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Нарынбек Сатыбалдиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.   Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 6 айында “Кыргызалтындын” активдери 6 млрд 297 млн 396 миң 800 сомго өстү.   “Жарым жылдын ичинде күтүлгөн план боюнча 40 млрд 884 млн 769 […]Читать далее

Президент

Президент: Биздин темир жол экономикалык кризистерге жана саясий өзгөрүүлөргө карабастан

«Биздин темир жол экономикалык кризистерге, саясий өзгөрүүлөргө жана технологиялык кыйынчылыктарга карабастан иштеп да, өнүгүп да келатат. Мына ошондуктан Кыргыз темир жолу – өлкөбүздүн шаарлары менен райондорун байланыштырган жөн эле транспорттук артерия эмес, биздин транспорт жаатындагы жетишкен улуттук мурасыбыз», – деп Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-августта, «Кыргыз темир жолунун» 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада […]Читать далее