Укук тартиби

Салык кызматынын түштүк аймагы боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды

Салык кызматынын түштүк аймагы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, атайын тарабынан үстүбүздөгү жылдын июль айында Мамлекеттик салык кызматынын түштүк аймагы боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын бөлүм башчысы К.Н.Н. улуттук коопсуздук органынын кызматкерине Ош облусунун Өзгөн шаарынын борборунда жайгашкан аянты 0,80 […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров маморгандардын жана ведомстволордун жетекчилерине бир катар милдеттерди койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун күн тартибине киргизилген маселелердин жыйынтыгы менен мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине бир катар тапшырмаларды койду.   Анда минкаб төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү маданият үйлөрүнүн жана китепканаларынын иши тууралуу угулган баяндамадан соң, жакынкы 2-3 жылда толугу менен мамлекеттеги бүт социалдык объекттер жаңырарын билдирип, азыртадан креативдүү, ишке кызыккан адистер керектигин […]Читать далее

Аймак

Ак-Суу районунда 120 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Ак-Суу айылында 120 орундуу бала бакчанын пайдаланууга берилди.   “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтан билдиришкендей, бала бакча аталган компаниянын каржылык колдоосу менен салынган.   “Кумтөр Голд Компанинин” президенти Алмазбек Барыктабасов Ак-Суу айылынын тургундарын жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктады.   “Ар бир жаңы бала бакча, ар бир жаңы мектеп, ар бир жаңы […]Читать далее

Укук тартиби

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин факультеттеринин биринин деканы кармалды

Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин факультеттеринин биринин деканы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет..   Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан 2024-жылдын 26-июлунда Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин гуманитардык-педагогикалык факультетинин деканы У.И.С. мамлекеттик экзаменде студенттерден акча талап кылгандыгы үчүн кармалды.   Белгилей кетсек, буга чейин КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара талап кылуу) […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда ички каттамдар боюнча жаңы учактар сентябрдан баштап жүргүнчүлөрдү ташыйт

Кыргызстанда ички каттамдар боюнча жаңы учактар жүргүнчүлөрдү ташыйт. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.   Анын айтымында, болжол менен алар 28-сентябрдан тарта жүргүнчүлөрдү ташый баштайт.   “Биз буга чейин эки учак сатып алганбыз. Алар май айында келмек. Жаңы учактарга Кыргызстан тоолуу регион болгон үчүн […]Читать далее

Коом

“Жалал-Абад” эл аралык аэропортунун курулушу келерки жылы башталат

“Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.   Анын айтымында, жаңы аэропортту куруу үчүн 300 гектар жер бөлүнүп берилди.   “Эл аралык аэропортту курууга уруксат берилди. Учурда долбоорлоо иштери жүрүп жатат. Эмки жылы жаңы аэропорттун курулушу башталат. Азыркы аба майдан шаар ичинде болгондуктан аймагын кеңейтүүгө мүмкүн болбойт. […]Читать далее

Коом

Жыл башынан бери бажы кызматынын 34 кызматкери иштен бошотулду

Жыл башынан бери бажы кызматынын 34 кызматкери иштен бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.   Анын айтымында, кызматтык иликтөөнүн негизинде Ички иштер министрлиги тарабынан 21 бажы кызматкерине “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, анын сезиги тергөөнүн жүрүшүндө убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.   “2020-жылы – үч, […]Читать далее

Министрлер кабинети

Акылбек Жапаров: 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууга

2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттардын жарымы аткарылды. Биз 2030-жылга чейинки өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууга кириштик. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунда билдирди.   “Кыргызстан 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши керек. 2030-жылга чейин 30 млрд долларга жеткен ИДПга жетүү негизги […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда 6 айда 59 млрд сомдон ашык бажы төлөмдөрү чогултулду

Кыргызстанда 6 айда 59 млрд сомдон ашык бажы төлөмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,8 млрд сомго көп.   “2024-жылдын январь-июнь айлары үчүн бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн болжолу Финансы министрлиги тарабынан 58 млрд 100 млн сом болору […]Читать далее

Министрлер кабинети

Минкаб төрагасы: Административдик-аймактык реформа жакшы натыйжаларды берүүдө

Президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жүрүшүн жетектеген министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргызстанда региондорду өнүктүрүү саясатында 30 жылдан бери биринчи жолу масштабдуу алкакта административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, жакшы натыйжаларды берип жатканын билдирди.   “Түп районундагы жана Нарын облусундагы пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформалардын жүрүшүнүн алгачкы жыйынтыктары ийгиликтүү деп табылып, башкаларга жайылтылды. Масштабдуу иштердин негизинде, өлкөдө айыл аймактары жана […]Читать далее