2024-жылдын январь-июль айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү 280,4 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди. Анын йтымында, бул 2023-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 0,8%га көптүк кылат. “Өндүрүштүн өсүүсүн тазаланган муңайзат продуктулары (1,7 эсеге), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердик (31,7 пайызга), тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки […]Читать далее
Кыргызстанда бүгүн, 12-августта 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга тандоонун жана кабыл алуунун акыркы V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Каттоо автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу 14-август саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт. Белгилей кетсек, ЖОЖдорго I, II, III, IV турда жалпы 24 миң 797 абитуриент кабыл алынды.Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы кошумча нарк салыгы боюнча отчеттун формасын FORM STI-062 жаңылады. Ведомствуодон билдиришкендей, эми жаңы формада Кыргызстандын аймагынан сырткары жеткирүүлөрдү чагылдыруу мүмкүнчүлүгү каралган. Санариптик кызматтарды андан ары өнүктүрүүнүн жана интеграциялоонун алкагында, салык органына КНС боюнча отчет берүү кызматы cabinet.salyk.kg сайтына Салык төлөөчүнүн кабинетинин жаңыртылган версиясына которулду. Мындан сырткары, отчет берүү процессин […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылы январь-июлда (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 2,3%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди. Жумалиевдин айтымында, анын ичинен алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки каражаттарынын баасы 7%га, азык-түлүк эмес тоарлардын баасы 2,4%га, тамак-аш азыктарынын жана алкоголдук суусундуктардын баасы 0,8%га жана калкка […]Читать далее
Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо фактысы боюнча казак ишкери, “Симирам” эс алуу борборунун ээси Таиров Ясынжан Ниязович изделүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында “Братский круг” эл аралык кылмыштуу тобуна кирген […]Читать далее
Ысык-Көл облусу боюнча 2024-жылдын 7 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 10,5 млн сом суммасында 18 долбоор бекитилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Алсак, – Түп районундагы 7 объектиге 4,0 млн сом; – Ак-Суу району – 6 объектисине 4,4 млн сом; – Каракол шаары – 5 объектиге 2,1 млн сом; Жалпы: […]Читать далее
Ысык-Көлдө сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суулар көчөлөрдү каптаган. Ошондой эле Бостери, Бактуу-Дөлөнөтү айылдарынын бир нече көчөлөрүн жана Булан-Сөгөттү айылын сел суулары каптаган. Жерине ӨКМдин Ысык-Кѳл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу кызматынын […]Читать далее
Бүгүн, 11-августта саат 18:10 чамасында жааган жаандын кесепетинен Тоң районундагы Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунда сел жүргөн. ӨКМден билдиришкендей, жерине тактоо иштерин жүргүзүү максатында ӨКМдин Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары, “Кыргыз Жол Курулуш” ишканасынан 2 жүктөгүч тартылып, унаа жол эки тараптуу ачылды.Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен бүгүн, 11-августта, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар тобу Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык кармоочу торлордон тазалоону улантууда. Белгилей кетсек, өлкө жетекчилиги тарабынан биосфералык зонадагы экологиялык кырсыктын алдын алуу жана Ысык-Көлдү сактоо максатында Ысык-Көлдү сактоо жана экологияны сактоо боюнча зарыл чаралар көрүлүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-августта телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөсү, мушкер Мунарбек Сейитбек уулун Парижде (Франция) өткөн Олимпиада оюндарында күмүш медаль утушу менен куттуктады. Мамлекет башчысы Мунарбек Сейитбек уулу өз жеңиши менен элибиздин, ата-бабаларыбыздын баатыр мүнөзүн дүйнө жүзүнө даана, так көрсөткөнүн белгиледи. Садыр Жапаров талыкпаган, жан аябаган машыгуулардын аркасында жетишилген бул […]Читать далее