Экономика

Кыргызстанда негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо темпи жогорулады

2024-жылы өлкөдө негизги айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо темпи жогорулады, деп билдирет Улуттук статистикалык комитет.   Ошентип, үстүбүздөгү жылдын 23-июлуна карата абалы боюнча, алгачкы кабыл алынган салмакта 617,4 миң тонна дан жыйналып, бул 51 пайызга көп.   Ошону менен бирге өткөн жылдын тиешелүү күнүнө салыштырмалуу дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречка кошулган жок) 224,9 […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда бир аптада дээрлик 20 миң жол эрежесин бузуу фактысы

Кыргызстанда бир аптада, тактап айтканда, 5-августтан 11-августка чейин 19 миң 941 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет. Алардын ичинен: -Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-545; -Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -195; -Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-84; -Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-727; -Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин […]Читать далее

Кадр саясаты

Канат Табалдиев Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Табалдиев Канат Касенович Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Ошондой эле президент Садыр Жапаров кол койгон башка тескемеге ылайык Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Абыкеев Темирболот Асаналиевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.Читать далее

Спорт

Париждеги Олимпиада Кыргызстандын спортчулары үчүн ийгиликтүү өттү

Париждеги жайкы Олимпиада оюндары Кыргызстандын спортчулары үчүн ийгиликтүү өттү. Жалпы 16 спортчу катышып, өлкө куржунуна алар 2 күмүш, 4 коло медаль салды. Мээрим Жуманазарова алгачкылардан болуп күмүш медаль тагынды. 68 кг салмак ченинде Мээрим Жуманазарова чечүүчү беттеште америкалык спортчу Эмит Элор менен күрөштү. Кыргызстандык спортчу ага 3:0 эсебинде жеңилип, 2-орунду ээледи. Мээрим Жуманазарова 1/8 финалда […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанда орточо айлык акы 35 миң 298 сомду түздү

2024-жылдын январь-июнь айларында чакан ишканаларды эсепке албаганда бир кызматкердин орточо айлык акысы 35 миң 298 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 10,6 %га, ал эми реалдуу эмгек акынын өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен – 5,2 %га өскөн. 2024-жылдын январь-июнунда өткөн жылдын тиешелүү […]Читать далее

Аймак

Жалал-Абад облусунда бир катар соцобъекттер пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунда бир катар социалдык объекттер пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана Мамкурулуш агенттигинин директорунун орун басары Бактияр Станбековдор катышты.   Алгач Каныш-Кыя айылында курулган спорт комплекси ачылды. Бул спорт спорт объектинин курулушуна республикалык бюджеттен 25,5 млн сом бөлүнгөн. Андан […]Читать далее

Коом

Кыргызстандын 3 аймактык аэропорту жаңы сатып алынган учактар менен каттамдарды

Кыргызстандын “Казарман”, “Жалал-Абад” жана “Кербен” аймактык аэропорттору жаңы сатып алынган учактар менен каттамдарды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропртунун басма сөз кызматынан билдиришти.   Аэропорттун басма сөз кызматынан “Кабар” агенттигине биринчи учак сентябрда келери жана анда биринчи ички каттам пландалып жатканын билдиришти.   “Манас” эл аралык аэропорту” ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов […]Читать далее

Укук тартиби

Өзгөчө оор кылмыш иштерине айыпталган жарандар Кыргызстанга экстрадицияланды

Өзгөчө оор кылмыштарга айыпталган жарандар Түркия жана Монголиядан Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.   Маалыматка ылайык, башкы көзөмөл тарабынан документтерди жасалмалоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого, ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдө көз боемочулукка айыпталып жаткан эки жаран ийгиликтүү экстрадицияланды.   Экстрадициялангандардын бири, 1987-жылы туулган О.Ш. аттуу Украинанын жараны расмий документтерди жасалмалоого көмөктөшкөн деп айыпталууда. […]Читать далее

Экономика

6 айда Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү $7,6 млрд түздү

2024-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,6 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.   Анын айтымында, бул 2023-жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 9,4 пайызга көп. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 3,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 12,4 пайызга өстү.   Ошондой эле Жумалиев белгилегендей, 2024-жылдын […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда жыл башынан бери 47 айыл чарба кооперативи түзүлдү

2024-жылдын сегиз айында өлкөдө жаңы 47 айыл чарба кооперативи түзүлүп, өндүрүшкө киришти. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, анын ичинен Баткен облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 7, Ош облусунда – 5, Чүй облусунда – 18, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 4 жана […]Читать далее