Коом

Чүйдө айдоочулар мектептин жанынан ылдамдыкты 30 км/с ашырбоого тийиш

Чүй облусунда билим берүү мекемелеринин жанындагы ылдамдыкты көрсөткөн жол белгилери “40тан” “30га” өзгөртүлүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, эми облуста бардык мектепдердин аймагында айдоочулар унаанын ылдамдыгын саатына 30 чакырымдан ашырбай айдоого тийиш. Бул жол коопсуздугун жакшыртуу максатында жасалууда. Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү жана жол белгилерин жаныртуу, караңгы убакта […]Читать далее

Министрлер кабинети

Эдил Байсалов Кыргызстандын Паралимпиада курама командасы менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Паралимпиада курама командасын XVII жайкы Паралимпиада оюндарына узатып жатып, оюнчуларды лицензия алышы менен куттуктап, алардын жетишкен ийгиликтери үчүн сыймыктанарын билдирди.   Бул жолку XVII жайкы Паралимпиада оюндарында өлкө намысын пауэрлифтинг, триатлон, жеңил атлетика жана дзюдо сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча 4 спортчу коргойт.   “Сиздердин […]Читать далее

Коом

Чүй облусундагы 353 га өнөр жай багытындагы жерди мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунда базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң сомду түзгөн 353,3 га өнөр жай багытындагы жерлер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.   Атайын кызмат тарабынан Кемин районундагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, базар баасы 4 млрд 7 млн 77 миң […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда кытай компаниясынын катышуусунда жер семирткич чыгарган завод курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, “Бай Дыйкан” ЖЧКсы жана China National Electric Engineering Co. LTD компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.   Ведомстводон билдиришкендей, аталган документ Кыргызстандын аймагында карбамид жана комплекстүү жер семирткичтерди өндүрүүчү заводду куруу боюнча долбоорду биргелешип ишке ашырууну көздөйт.   Эки тараптуу […]Читать далее

Аймак

Ысык-Көлдүн сел жүргөн аймактарында изилдөө иштери жүргүзүлүүдө

Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагындагы катталган сел процесстерине жеринде изилдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Белгилей кетсек, 18-августта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кокту колоттордон топтолуп түшкөн сел суулары Садыр-Аке айыл аймагынын Темир, Булан-Сөгөттү жана Корумду айылдарын каптаган.   Учурда ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин адистери жеринде кечиктирилгис визуалдык жана […]Читать далее

Аймак

Кочкор районунун Мантыш айылында социалдык шаарча ачылды

Бүгүн Кочкор районунун Мантыш айылында социалдык шаарча ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.   Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, шаарчада 30 үй-бүлө жашай турган турак үйлөр, мектеп, бала бакча, мечит, тигүү цехи, ашкана жана фельдшердик-акушердик пункт бар.   Турак үйлөрдүн ачкычтары аз камсыз үй-бүлөлөргө салтанаттуу түрдө тапшырылды. Социалдык шаарчанын ачылыш аземине президенттин […]Читать далее

Аймак

Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 6 бөлмөлүү 10 турак үй курулду

Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздарга курулуп жаткан жеке турак үйлөрдүн курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, үйлөрдүн ачкычын Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамын утурлай тапшыруу пландалууда.   Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 82,9 млн сомду түзөт. […]Читать далее

Министрлер кабинети

Жакында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы чек ара пункту ачылат

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча Мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен жолукту.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралып, өзгөчө кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, ошондой эле “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун курулушу тууралуу кенен […]Читать далее

Экономика

Кыргызстанга 150 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду

Кыргызстанга 150 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, “Чалдовар” көзөмөл-өткөрүү пунктунда салык жана чек ара кызматкерлери тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө республиканын аймагына 150 даана уюлдук түзүлүштөрдү алып кирүүгө байланыштуу мыйзам бузуу фактысы аныкталган.   Түзүлүштөр убактылуу тартылып алынып, бул факт боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн […]Читать далее

Президент

Президент Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта жаңы дайындалган Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.   Мамлекет башчысы жооптуу дипломатиялык миссиясында Элчиге ийгиликтерди каалап, Кыргызстан-Россия стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.   Президент Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысына бир катар тапшырмаларды […]Читать далее