Бүгүн Кочкор районунун Мантыш айылында социалдык шаарча ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, шаарчада 30 үй-бүлө жашай турган турак үйлөр, мектеп, бала бакча, мечит, тигүү цехи, ашкана жана фельдшердик-акушердик пункт бар. Турак үйлөрдүн ачкычтары аз камсыз үй-бүлөлөргө салтанаттуу түрдө тапшырылды. Социалдык шаарчанын ачылыш аземине президенттин […]Читать далее
Чоң-Алай районунун Бурган-Суу айылында Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринен келген этникалык кыргыздарга курулуп жаткан жеке турак үйлөрдүн курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, үйлөрдүн ачкычын Кыргызстандын эгемендүүлүк майрамын утурлай тапшыруу пландалууда. Объекттин курулушу 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 82,9 млн сомду түзөт. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын өткөрүү пункттарын башкаруу боюнча Мамлекеттик канцеляриясынын директорунун биринчи орун басары Дан Сяохон баштаган делегация мүчөлөрү менен жолукту. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушууда кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери каралып, өзгөчө кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл-өткөрүү пунктунун ачылышы, ошондой эле “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун курулушу тууралуу кенен […]Читать далее
Кыргызстанга 150 уюлдук телефонду мыйзамсыз алып кирүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Чалдовар” көзөмөл-өткөрүү пунктунда салык жана чек ара кызматкерлери тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө республиканын аймагына 150 даана уюлдук түзүлүштөрдү алып кирүүгө байланыштуу мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Түзүлүштөр убактылуу тартылып алынып, бул факт боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта жаңы дайындалган Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы жооптуу дипломатиялык миссиясында Элчиге ийгиликтерди каалап, Кыргызстан-Россия стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Президент Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары бекемдөө боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысына бир катар тапшырмаларды […]Читать далее
“Макаров 9 мм” тапанчасын мыйзамсыз сатып алып, сактап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине жана ок атуучу куралды мыйзамсыз сатып алууга, өткөрүп берүүгө, сатууга, сактоого, ташууга же алып жүрүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө К.Т.С. аттуу жаран аныкталды. Тактап айтканда, К.Т.С. […]Читать далее
Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн 40 тоннага жакын таштанды чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Муниципалитеттин маалымматына караганда, үйдүн ээси тиричилик таштандыларын көп убакыт сактап келген. Коңшулары адам чыдагыс жыт боюнча Свердлов райондук администрациясына кайрылышкан. Маселени чечүү үчүн үйдүн ээсине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, бирок андан майнап чыккан эмес. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта, Франция Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Франсуа Делаусту анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Кабыл алуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Франсуа Делаусту миссиясынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, анын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымын белгиледи. Мамлекет башчысы Элчи Франсуа […]Читать далее
Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Париж шаарында өткөн Олимпиада оюндарынынын катышуучусу, жеңил атлетика боюнча спортчу Сардана Трофимовага 500 миң сомдук сертификат жана “Chevrolet Tracker” автоунаасынын ачкычын тапшырды. Ведомстводон маалымдашкандай, Алтынбек Максутов өлкө жетекчилигин жана жеке өзүнүн атынан Сардана Трофимовага терең ыраазычылык билдирип, спортчунун көрсөткөн ийгиликтери менен жетишкендиктеринин аркасында кыргыз […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын жарым жылдыгында микрокредиттик уюмдар тарабынан 29,9 млрд сом суммасында кредиттер берилди, муну менен бирге алуучулардын саны 561 миңге жакын адамды түздү. Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, микрокредит алган калктын саны өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 1,6 эсеге, ал эми берилген микрокредиттердин көлөмү 26,6% көбөйдү. Микрокредиттердин эң көп суммасы Бишкек шаары (берилген микрокредиттердин жалпы […]Читать далее