Коом

Жети-Өгүз районунда 5 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Жети-Өгүз районундагы 5 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.   УКМК мыйзамсыз жеке менчикке алынган жер тилкелерин аныктоо жана аларды мамлекеттин менчигине кайтаруу иштерин улантууда.   Анын алкагында Жети-Өгүз районундагы Барскоон айыл аймагынын аймагындагы баасы 35 млн 865 миң 868 сомду түзгөн 5 гектар жер аянты муниципалдык менчикке […]Читать далее

Коом

Казакстандан Кыргызстанга ташылып келе жаткан 626 миң даана жумуртка артка

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 626 миң даана жумуртка артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мыйзамсыз аракет Ветеринария кызматынын “Ак-Тилек” чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган.   Тактап айтканда, КР министрлер кабинетинин 2024-жылдын 6-июнундагы номер 293 токтому менен өлкө аймагына […]Читать далее

Коом

Айгүл Жапарова Улан-Батордо Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумунда сөз сүйлөдү

Кыргыз Республикасынын Биринчи айымы Айгүл Жапарова бүгүн, 22-августта, Улан-Батор шаарында (Монголия) “Жашыл келечек жолунда” аттуу Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумунда ардактуу конок катары сөз сүйлөдү.   Форум 22-23-августта Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун колдоосу астында Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташтыкта өтүүдө. Иш-чарага 15 өлкөнүн мамлекет башчылары, өкмөт башчылары жана министрлери, 20дан ашык эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бизнес, […]Читать далее

Укук тартиби

Бишкекте $8 миң пара талап кылган тергөөчү кармалды

Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.   УКМК ички иштер органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте 8 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара […]Читать далее

Аймак

Ошто “Жеткиликтүү турак жай” программасы аркылуу турак жай алуу мөөнөтү

“Жеткиликтүү турак жай” программасы аркылуу турак жай алуу мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.   Маалыматта белгиленгендей, муниципалдык ипотекалык ишкана ипотекалык жана үлүштүк курулуш шартында калкты турак жай менен камсыз кылуу багытында 2024-2027-жылдарга “Жеткиликтүү турак жай” программасынын концепциясын иштеп чыккан.   Анын алкагында бүгүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасы менен “Айыл Банк” […]Читать далее

Билим

2024-2025-окуу жылына окуучулардын каникулунун графиги жарыяланды

Билим берүү жана илим министрлигинин “2024-2025-окуу жылына КР жалпы билим берүү уюмдарынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” буйругу бекиди. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.   Буйрукка ылайык, жалпы билим берүү уюмдарынын бардык түрлөрүндө жана менчиктик формасында 2024-2025-окуу жылы 2024-жылдын 2-сентябрында башталат жана 2025-жылдын 26-майында аяктайт.   Каникул убакытын эсепке албаганда окуу жылынын узактыгы: 1-класста – 33 […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстанда 31-августка карата 40ка жакын өнөр жай ишканасы ачылат

Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында быйыл республика боюнча 100дөн ашык өнөр жай ишканалары жана 100дөн ашык социалдык объектилер ачылат.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын башынан бери реалдуу жана социалдык тармакта 44 ишкана ачылган. Ал эми 31-августка карата 39 өнөр жай объектинин ачылышы күтүлүүдө.   Тактап айтканда, Баткен облусунда 5 ишкана ачылат – […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда унаа терезелерин караңгылатуунун акысы төмөндөдү

Кыргызстанда унаалардын каптал терезелерин караңгылатуунун акысы төмөндөдү. Бул тууралуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен кабарлашты.   Маалыматта белгиленгендей, 1-сентябрдан тарта транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун жаңы тартиби күчүнө кирет.   Эми тонировкага уруксат алуу үчүн агенттиктин бөлүмдөрүнө барбастан, каалаган ыңгайлуу убакта онлайн кайрылууга мүмкүнчүлүк […]Читать далее

Экономика

МСК: Жети айда 5,6 млрд сом жашырылган салыктар кошумча эсептелди

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын январь-июль айларындагы салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча бюджетке 5 млрд 685,2 млн сом өлчөмүндө салыктын төмөндөтүлгөн (жашырылган) суммасын кошумча эсептеди.   Ведомствонун маалыматына караганда, анын ичинде камералык текшерүүлөрдү жүргүзүүдө 3 млрд 656,9 млн сом, көчмө текшерүүлөрдө 2 млрд 28,8 млн сом суммасында салык бузуулар аныкталган.   Ошондой эле салыктык текшерүүлөрдүн материалдары боюнча […]Читать далее

Коом

Кыргызстанда 7,8 миң бош жумуш орду бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иш берүүчүлөр арасында бош орундарга талдоо жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-августка карата 7 миң 848 бош жумуш орду бар. Анын ичинен:   – мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 203; – саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, […]Читать далее