12 жылдык билим берүүгө өтүүдө 5 баллдык система сакталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Ведомстводон билдиришкендей, министрлер кабинети тарабынан кабыл алынган “Алтын казык” мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасында 5 баллдык баалоо системасы бар. “Бул программада 10 баллдык система жок. Министрлик Кыргыз билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин […]Читать далее
1-сентябрда транспорт каражатына, турак үй, батирге жана жер тилкелерине салык төлөөнүн мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Салык органынан белгилешкендей, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндөргө жана мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди убагында тапшырбагандарга айып пул салынат. Анда жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып каралган. Маалыматка таянсак, 20-августка […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына байланыштуу чыгарган Жарлыгына ылайык, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоорду илгерилетүүдө. Бүгүнкү күндө агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча 100 долбоордун алкагында 96 долбоорду ишке ашырууда. Долбоорлор ар кандай багыттарды камтыйт, анын ичинде:Балык чарба: 14 долбоорКанаттуулар чарбасы: […]Читать далее
Кеминдеги мамлекетке кайтарылып алынган 353,3 гектар жерге ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, тийиштүү чечимди мамлекет башчысы Садыр Жапаров кабыл алды. “Чүй облусунун Кемин районунда убагында менчикке мыйзамсыз чыгарылып, жакында мамлекетке кайтарылган 353,3 га жер тилкесине Мамлекеттик ипотекалык компания ипотекалык негизде […]Читать далее
Тоңдогу Зындан көлү жырылып, суу каптоо коркунучу жаралгандыктан жергиликтүү тургундар эвакуцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Туура-Суу айылындагы Тоң суусунун деңгээли көтөрүлгөн. Буга байланыштуу Туура-Суу айылынын 90 жашоочусу жана Балык завод тилкесинен 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына көчүрүлдү. Учурда куткаруучулар жеринде тактоо, […]Читать далее
Минкаб төрагасы Чүйдөгү кафель жана цемент чыгарган ишканалардын ишмердүүлүгү менен
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ысык-Ата районундагы кафель чыгарган “Асыл таш плюс” жана цемент чыгарган “Терек таш” ишканаларына барды. Анда минкаб төрагасы бул ишканалардын технологиялык өндүрүш процесси, продукциянын сапаты жана өнүгүү перспективалары менен таанышты. Ал жергиликтүү өнөр жайды өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана калкты ата мекенде өндүрүлгөн […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында 31-августка карата ишке киргизилиши пландалып жаткан өнөр жай жана өндүрүш ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анда минкаб төрагасы облустун бир катар ишканаларына барды, анын ичинде Кемин районундагы клинкер өндүрүүчү заводдо жана “Миронов” кенинде болду. Жумуш сапардын максаты – Кара-Кыргыз автономдуу […]Читать далее
Азыркы учурда республика боюнча 80 миңден ашык айыл чарба техникалары бар. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, анын ичинен тракторлор 21 миң 627и даана, дан комбайндары 1 миң 960 даана, соко – 10 миң 786, үрөн сепкичтер 3 миң 124, чөп чапкычтар 4 миң 185, […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Facebook`тагы баракчасына пост жазып, кыргызстандыктарды жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды. “Урматтуу мекендештер! Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу. Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы. Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры”, – деп жазды өлкө башчысы.Читать далее
Административдик-аймактык реформадан кийин Бишкекте шайлоо тилкелеринин саны 228ден 267ге чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу административдик-аймактык реформанын алкагында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы боюнча борбор калаада өткөн жыйында айтылды. Мэриядан билдиришкендей, жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышты. Анда алдыдагы […]Читать далее