Жайыл районунда 375 га жер тилкеси мамлекеттин балансына алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө “Дан” мамлекеттик ишканасына таандык Жайыл районунун Кара-Суу айыл аймагында жайгашкан 375 га айыл чарба багытындагы жер 2005-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, андан ары жеке тараптарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган. Аталган мыйзам […]Читать далее
Кыргызстандын мектептерин окуу китептери менен толук камсыздоо үчүн 17 млн китеп керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер кеминде 129 аталыштагы окуу китеби, окутуу өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептерди кеминде 147 аталыштагы окуу китеби […]Читать далее
Жалпысынан алганда Нарын облусу алдыдагы күз-кыш мезгилине 80 пайыз даяр. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев аймакка жумушчу сапары менен барган учурда билдириди. Министр биринчи Тогуз-Торо менен Жумгал райондук электр тармактарын тешкерип, андан кийин Нарын электр тармактар ишканасы, Ат-Башы, Тянь-Шан, Нарын, Ак-Талаа, Кочкор райондук электр тармактары жана Ат-Башы ГЭСинде аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландар […]Читать далее
2024-жылга карата оруп-жыйноо иштеринин ыргагы өткөн жылга салыштырмалуу жогорку деңгээлде жүрүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Алсак, картошка 310 миң тонна казылып алынып, өткөн жылдан 22 миң тоннага көп. Орточо түшүмдүүлүгү 170 ц/га түзүп, өткөн жылга караганда 4,2 ц/га жогору болууда. Жогорку көрсөтүчтү Ысык-Көл, Чүй облустарында […]Читать далее
Таласта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине 50 миң пара берип жаткан жеринен эки ишкер кармалды. Атайын кызматтан билдиришкендей, “П.А.Т.” ЖЧКсынын ээлери М.В.И. жана Э.Д.Н. УКМК кызматкерлерине 100 миң доллар берүүнү макулдашкан. Тактап айтканда, тоо-кен тармагындагы кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин алкагында КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен кендерди иштетүүгө […]Читать далее
Ысык-Көлдөгү селден кийин 110 үй дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан Корумду айылында 6, Кашат айылында 4 жана Темир айылында 100 турак үйдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле бүгүн айылдарда селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 307 адам жана 58 атайын техника, 1 өрт өчүрүүчү унаа тартылды. […]Читать далее
Айтматов районунун Көк-Сай айылындагы 140 орундуу бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, объекттин курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Долбоор боюнча имараттын жалпы аянты 1481 чарчы метрди түзөт. Эки кабаттуу жана бардык шарттары менен курулду. Курулуш-монтаждоо иштери “Ак-Ниет” ЖЧКсы тарабынан аткарылды.Читать далее
Кыргызстанда 15-сентябрдан тарта көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүшүн алдын алуу жана калкка жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кабыл алынды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы КР министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген Социалдык маанидеги товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун тартибине ылайык, мамлекеттик […]Читать далее
Кыргызстанда 31-август — Эгемендүүлүк күнүндө коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешмеде билдиргенин ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматта белгиленгендей, кеңешмеде өлкө аймагындагы коомдук-саясий абалга кедергисин тийгизген факторлорго бөгөт коюу, элдин коопсуздугун камсыздоо жана укук бузууларга жол бербөө иш-чараларын күчөтүү маселелери каралды. Министр Эгемендүүлүк күнүнө арналган ар бир иш-чарада милиция […]Читать далее
Аксы районунда жалпы 500 тонналык мөмө-жемишти сактоочу логистикалык кампа ачылды. Бул тууралуу Су ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана сезон убагында 10дон ашуун жергиликтүү тургунду иш менен камсыз кылат. . Анын сметалык баасы 22 млн сомду түзгөн. Ошондой эле аталган райондун Жерге-Тал айылында мөмө жемиштин кагын кайра иштетүүчү […]Читать далее