Күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташылып келе баштады. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБде “Агулак” участкасынан, Миң-Куш кенинен 180 миң тоннаны түзгөн жогорку калориялуу көмүр келүүдө. Ошондой эле импорттук “Д” маркасындагы көмүрдү 250 миң тоннага, “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы менен Кавак көмүрүн алып келүүгө 520 миң тоннага келишимдер түзүлүп, […]Читать далее
Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиционер тартылат. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 31-августта өлкөдө Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт. Алсак, 26-28-август күндөрү республика боюнча “Укук тартип” аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы уюштурулат. Бул иш-чаранын алкагында “Арсенал”, “Нелегал”, “Селсаяк” аталышындагы […]Читать далее
Акылбек Жапаров президенттик “Эл үмүтү” стипендиясынын жеңүүчүлөрү менен жолукту
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2024-2025-окуу жылы үчүн президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясынын жеңүүчүлөрү менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Акылбек Жапаров стипендианттарды президенттик стипендияга ээ болушу менен куттуктап, бул алардын талыкпаган эмгеги үчүн берилген татыктуу сыйлык гана эмес, ишенимдин жана жоопкерчиликтин белгиси экенине токтолду. Ал ошондой эле КР президентинин демилгеси […]Читать далее
Кыргыз Республикасьнын Эгемендүүлүгүнүн 33-жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгынына арналган 31-августта Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында кыргыз эстрада жылдыздарынын жана чет өлкөлүк жылдыздардын катышуусунда салтанаттуу Гала концерт өтөт. Бул тууралуу Маданият ммнистрлиги маалымдады. Бишкек шаарынын тургундарынын жана конокторунун маанайын чет өлкөлүк эстрада жылдыздары Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, швециялык “Боссон” тобу жана […]Читать далее
Электрондук китептердин варианттары “Электрондук мектеп” платформасына жүктөлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, бир жуманын ичинде электрондук китептер платформага жүктөлүп бүтөт. “Ата-энелер китептердин электрондук варианттарын ушул платформадан тапса болот. Аны окуучулардын дагы жана мугалимдердин дагы колдонуусуна мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Жалпы республика […]Читать далее
Сентябрь айынын башында мугалимдерге 24 миң ноутбук акысыз берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, ноутбуктар табигый илимдер боюнча (математика, физика, химия, биология, география, информатика) сабак берген мугалимдерге берилет. “Ар бир ноутбуктун ичине электрондук китептер киргизилет. Ал эми республика боюнча […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Кара-Көл шаарынын мэрин алмаштырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын мэри Конкобаев Талайбек Тажиматович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду. […]Читать далее
Мектептердеги китептерди жаңылоого 4,5 млрд сом керектелет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бул сумманын ичинде республикалык бюджеттин, ата-энелердин жана донорлордун каражаттары киргизилген. Республикалык бюджеттен буга чейин жыл сайын 152 млн сомдон бөлүнүп келген. 2025-жылдын бюджетинин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Осмонов Бактыбек Арапбаевич Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды.Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Россиянын Саха Республикасынын (Якутия) өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сергей Местников менен жолугушуу өткөрдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Россиянын алдыңкы аймактарынын бири менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты. Ноябрь айында Кыргызстанда Якутиянын маданият күндөрүн өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Маектешкендер […]Читать далее