Кыргызстанда ири, орто жана чакан бизнести жетектеген айымдардын саны өстү. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова Монголияда өткөн “Жашыл келечек жолунда” аталыштагы аялдардын Дүйнөлүк форумунда билдирди. Жылдыз Полотова “Айлана-чөйрөнү коргоо ишмердүүлүгүн активдештирген лидер аялдар” темасында сөз сүйлөп, акыркы 30 жылда Кыргызстанда гендердик теңчилик жаатында олуттуу өзгөрүүлөр болгонун баса белгиледи. “Бизнесте, саясатта […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Таласта 402,6 млн сомдук жер тилкелерин мамлекетке кайтарды. Атайын кызмат тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү мамлекетке кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө “Талас айыл көмөк” мамлекеттик акционердик коомунун жетекчилиги мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен тил табышып, КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Талас шаарынын базарынын аймагындагы 1,9 га аянттагы жер участокторун жеке […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында селден жабыркаган айылдарды көрүп чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Анда минкаб төрагасы Садыр-Аке айыл аймагынын Темир айылында болду. Жабыркаган аймактардан кабар алган Акылбек Жапаров келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышып, жабыркаган чарбаларды кыдырып, учурдагы абалга жеринде баа берди. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой […]Читать далее
Акылбек Жапаров Аскер институтунун курсанттары үчүн курулган жаңы казармада болду
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Аскер институтунун курсанттары үчүн курулган жаңы казармада болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Акылбек Жапаров өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо боюнча милдеттерди натыйжалуу аткарууга жөндөмдүү квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн заманбап шарттардын маанилүүлүгүн белгилеп, окутуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү мамлекеттик коргонуу саясатынын артыкчылыктуу багыты экенин кошумчалады. “Казарма – жөн эле имарат […]Читать далее
Быйыл биринчи же экинчи даражадагы жарылуу коркунучуна кирген 65 көлгө изилдөөлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Мониторинг жана болжолдоо департаментинин директору Даурбек Сакиев билдирди. “Бул көлдөр боюнча жер үстүнөн изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Бардык маалыматтар бар, кырдаал көзөмөлдө”, – деп ишендирди ал. Сакыбаев Зындан көлү тууралуу айтып […]Читать далее
Кадамжайда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык инфраструктура объектилерин аныктоо жана аларды мамлекеттин пайдасына кайтаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, УКМК тарабынан “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык тутумунун электрондук маалыматтык журналына катталган материалдын негизинде Кадамжай районунун Калача айылынын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта Кыргыз Республикасынын Баатыры, космонавт Салижан Шариповго 60 жаш мааракесине карата куттуктоо кат жолдоду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Куттуктоодо мындан дээрлик 90 жыл мурун кыргыз жазуучусу Кусейин Эсенгожоев космоско учууну кыялданып, “Үчүнчү шар” аттуу керемет чыгарма жаратканканы айтылат. “Ошол кыялды андан 60 жыл өткөндөн кийин Сиз […]Читать далее
Ысык-Көлдө жалпы 314 үйдүн тегерек чети сел калдыктарынан тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Садыр-Аке айыл аймагында ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын күч каражаттарынын сел сууларынын кесепеттерин жоюу иштеринин натыйжасында, жалпы 38 турак үй тазаланып, 23-август күнүнө карата жалпы 314 турак үйдүн тегерек чети толугу менен тазаланып бүттү. Ошондой эле Темир, Булан-Сөгөттү, […]Читать далее
Райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү жана мектептер бош кызмат орундарына мугалимдерди кабыл алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Билим берүү бөлүмдөрүнүн 20-августка карата берген маалыматына караганда, мектептерге 1335 мугалим керек: Бишкек шаары – 493; Чүй облусу – 292; Баткен облусу – 137; Жалал-Абад облусу – 110; Ысык-Көл облусу – […]Читать далее
Бакыт Төрөбаев өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев республиканын аймагында болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жумушчу кеңешме өткөрдү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, отурумга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары онлайн/оффлайн форматында катышты. Минкаб төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев алдыда күтүлүүсү мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу […]Читать далее