Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөрүлө турган майрамдык иш-чараларга байланыштуу Ала-Тоо аянты унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, бир катар көчөлөрдө унаа кыймылына маалы-маалы менен чектөөлөр киргизилет. Атап айтсак, төмөнкү көчөлөр 31-августта жабык болот: – […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Акчабар” финансылык-аналитикалык порталынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. МинКаб башчысы белгилегендей, он жылдын ичинде “Акчабар” идеядан күчтүү жана маанилүү куралга айланды. “Бул портал өзүнүн кызыктуу аталышы менен мага өлкөдөгү “кедей өлкө” деген түшүнүктүн астында жашаган бир мезгилди эске салат. Анан урматтуу Садыр Нургожоевич өлкө бул кемсинтүүлөрдөн […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча чечимдер кабыл алынды, ошондой эле “Медициналык буюмдарды каттоо, коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, медициналык буюмдарды маркалоо жана таңгактоо талаптары менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө” токтом жактырылды. Мындан тышкары, министрлер кабинетинин токтому менен Жогорку окуу жайынан […]Читать далее
– Саламатсызбы, Садыр Нургожоевич! Өзүңүз деле байкасаңыз керек, акыркы күндөрү соцтармактын кыргыз бөлүгүндө чет элдик аткаруучулардын Эгемендүүлүк күнүнө арналган чоң концертке келери эң эле көп талкууланган темага айланды. Алар чындап эле өздөрү демилге көтөрүп, акысыз ырдап берели дештиби? – Мага маданият министри ушундай маалымат бергенде мен чындап эле сүйүндүм. Мурда Кыргызстан деген өлкө каякта […]Читать далее
Акылбек Жапаров Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында министрлер кабинетинин Фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча кеңешинин жыйыны болуп өттү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, отурумда 2025-2029-жылдарга карата КР фискалдык жана инвестициялык саясатынын негизги багыттарынын долбоору каралып, талкууланды. Анда мамлекеттик бюджетте, ички дүң продукцияда акыркы жылдары көрсөткөн өсүү темпти кармап туруу жана жогорулатуу, ошондой эле келечекте өлкөдөгү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2024-жылдын 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин өтө турган V Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын улуттук курама командасынын даярдыгы боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө спортчулардын тийиштүү даярдыгын камсыз кылуу жана башка уюштуруу маселелерин чечүү, анын ичинде оюндарды эфир аркылуу чагылдыруу, сейрек кездешүүчү […]Читать далее
Ветеринардык кызмат тарабынан 7 айда тамак-аш коопсуздугу боюнча 780 субъектини текшерген. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анда ветеринардык-санитардык талаптар жана көрсөтмөлөр аткарылбагандыгына байланыштуу бир катар субъекттерге жалпысынан 485 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Учурда Экономика жана коммерция министрлигинин ишкердик субъекттеринин ишин текшерүү боюнча (Proverka.kg) расмий электрондук […]Читать далее
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылындагы өнөр жай базасы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объекттерин жана жер участокторун мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Ичке-Жергез айылында жайгашкан 700 чарчы метр аянты менен 1 га өлчөмүндөгү дан кампасы кайтарылды. […]Читать далее
Бүгүн энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Сауд Арабиянын FAS Energy компаниясынын башкы директору Турки Альхокайрдын жолугушуусу өттү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун алкагында тараптар эки өлкөнүн энергетика тармагындагы кызматташуусу, Кыргызстандын энергетикалык потенциялы, долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу, заманбап технологиялырды колдонууда тажрыйба алмашуу боюнча талкуу жүргүзүштү. Мындан тышкары, Энергетика министри менен FAS Energy компаниясынын башкы директору мындан […]Читать далее
Ош облусунун аймагында 2 мектеп жана 1 бала бакчанын курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен: Ноокат районунун Караке айылындагы 150 орундуу Б.Абдиев атындагы мектеп; Кара-Суу районунун Ачы айылындагы 225 орундуу мектеп; Төлөйкөн айылындагы 60 орундуу бала бакча. Белгиленгендей, аталган билим берүү мекемелери […]Читать далее