Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул Мыйзамдын максаты калктын демографиялык өсүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы барууга кыйын зоналарында жашаган көп балалуу энелерди […]Читать далее
Бүгүн, 24-октябрда президент Садыр Жапаров жана Binance платформасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына барышты. Бейформал баарлашуунун жүрүшүндө санариптик технологиялар жана тажрыйбалуу алмашуу жаатында кызматташуу, анын ичинде Кыргызстанда заманбап блокчейн-чечимдерди киргизүү жана эл аралык инвесторлордун катышуусун арттыруу маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы өлкө экономикасын санариптик трансформациялоого өбөлгө түзө турган өнөктөштүк мамилелерди чыңдоонун жана жогорку технологиялык […]Читать далее
Бүгүн Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева “Кытай-Шанхай кызматташтык уюму” инвестициялык форумуна катышты. ТИМден билдиришкендей, форум Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы тарабынан чет өлкөлөрдөгү ишканалардын Кытай ассоциациясы менен биргеликте уюштурулган. Форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин элчилери, ШКУнун байкоочу мамлекеттери, ШКУнун диалог боюнча өнөктөштөрү, ошондой эле санариптештирүү, энергетика, айыл чарба, туризм, транспорт, медицина, каржы сектору .тармактарындагы 100дөн ашык кытай […]Читать далее
Кыргызстанда жыл башынан бери блокчейн технологиялары колдонулган 19 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Ал жыйында санариптик технологиялар жана глобалдашуу шартында виртуалдык активдер тармагындагы коопсуздукту камсыздоо мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин белгиледи. Министр санариптик экономика мүмкүнчүлүктөр менен кошо киберкылмыштуулук, кылмыштуу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык КР Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү Жамалидинов Улан Тилектешович жеке арызы боюнча ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Ордуна Абдыгазиев Санжар Каниметович КР Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү болуп дайындалды.Читать далее
Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов Эр-Риядда Сауд Аравиянын тышкы иштер боюнча мамлекеттик министри Адил Аль-Жубейр менен жолугушту. КР ТИМден билдиришкендей, тараптар кыргыз-сауд кызматташтыгынын оң динамикасын белгилеп, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтардагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. Жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду андан ары өнүктүрүүгө, ошондой […]Читать далее
Өлкө аймагында “Рулда” аталышындагы ири масштабдагы рейд башталды. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, рейд айдоочулардын жолдо жүрүүдө жоопкерчилигин жогорулатуу жана жол кырсыктарынын алдын алуу максатында 24-октябрдан 27-октябрга чейин өтмөкчү. Рейд учурунда мас абалында унаа башкаргандарга, катуу ылдамдыкта айдагандарга, ошондой эле жасалма номерлерди тагып жүргөндөргө карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Айрыкча түнкүсүн жарандардын тынчын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 24-октябрда, Виртуалдык активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин экинчи жыйыны болуп өттү. Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы учурда финансы системаларын санариптештирүү глобалдык өнүгүүнүн негизги багыттарынын бири болуп калганын белгиледи. Барган сайын көп өлкөлөр санариптик валюталарды киргизип, стейблкоиндерди жана токендерди түзүүдө. “Кыргызстан – чөлкөмдөгү виртуалдык активдер […]Читать далее
ТИМ Кыргызстандын юридикалык жактарынын ЕБнын санкциялык тизмесине киргизилгендигине байланыштуу өкүнүчүн
Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын юридикалык жактарынын Европа биримдигинин санкциялык тизмесине киргизилгендигине байланыштуу өкүнүчүн билдирет. Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин так сактоодо жана Европа биримдигиндеги өнөктөштөрү менен санкциялык чектөөлөрдү айланып өтүү менен байланышкан тобокелдиктерди биргелешип алдын алууга багытталган ачык жана конструктивдүү диалогду жүргүзүүдө. Белгилей кетсек, Европа биримдиги Борбор Азия мамлекеттери менен стратегиялык өнөктөштүктү […]Читать далее
Кыргызстанда санариптик активдер жаатындагы улуттук стратегиянын элементтери катары “мамлекеттик криптовалюталык резерв” жана “мамлекеттик майнинг” түшүнүктөрү киргизилүүдө. Бул тууралуу КР президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов билдирди. Иминов улуттук кеңештин 2025-жылдын 3-майындагы биринчи отурумунун жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы жөнүндө баяндама жасап, катчылыктын иши Кыргызстанда виртуалдык активдер […]Читать далее