Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери өлкөнүн аймагына жалпы суммасы 4,6 млн сомду түзгөн, коштомо документтери жок товарлардын бир катар түрлөрүн мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюшту. Ведомстводон билдиришкендей, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан өткөндөн кийин Mercedes Sprinter унаасы текшерилип, андан коштомо документтери жок жүк ташуучу унаалар үчүн ар кандай тетиктер табылган. Аталган товарлардын жалпы баасы 2,1 млн сомдон […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» атайын бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстанда терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын кызмат 1992-жылдын 27-октябрында түптөлгөнүн эске салды. Ошол мезгилден баштап улуттук коопсуздук органдарынын “Альфа” тобу өзүнүн өзгөчө ишмердигин үзгүлтүксүз аткарып келет. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Япониянын Кыргызстандагы элчиси Года Хидэки менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу жолукту. Жолугушууда Эдил Байсалов элчинин кыргыз-япон мамилелерин чыңдоого, саясий диалогду өнүктүрүүгө, түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон салымын белгиледи. Ал Япония өкмөтүнө туруктуу өнүктүрүү жана инфраструктураны модернизациялоо программаларына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Япония Кыргызстандын аймактагы […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө “Кара-Көл” ГЭСинин расмий ачылыш аземине катышты. Гидроэлектростанция Кара-Суу дарыясынын Нарын дарыясына куйган жеринде, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын аймагында курулган. Станциянын жалпы орнотулган кубаттуулугу 18 МВт болгон эки гидроагрегаты бар. Электр энергиясын жылдык орточо өндүрүү 104 млн кВт∙саатты түзөт, бул өлкөдөгү электр энергиясынын тартыштыгын болжол […]Читать далее
Жети-Өгүз районуна караштуу Тосор айылында жер-жемиштерден сапаттуу, кошумча заттарсыз, түз сыгылып алынган ширелер өндүрүлүүдө. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, шире өндүрүү ишин “Тосор Органик” айыл-чарба товардык-сервистик кооперативи колго алган. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 700 литрге чейин шире чыгарууга мүмкүндүк берет. Ишканадан төмөндөгүдөй төрт түрлүү шире чыгарылат: алма ширеси; алмурут […]Читать далее
Бишкек шаарында дагы бир көп кабаттуу үй мыйзамдаштырылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти тарабынан көп жыл мурда мыйзамсыз курулуп калган көп кабаттуу үйлөрдүн маселесин чечүү боюнча иш жүргүзүлүүдө. Департаменттин директору Эрназарбек Суеркулов Бишкек шаарынын Тимур Фрунзе көчөсү 132 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн […]Читать далее
“2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорт кылбай калабыз”, – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Кара-Көл” ГЭСин ачып жатып. Мамлекет башчысынын сөзү: “Урматтуу мекендештер! Кара-Көл шаарынын урматтуу тургундары жана кадырлуу меймандары! Энергетика тармагынын ардактуу ардагерлери! Бүгүн биз мамлекетибиздин энергетика тармагына салым кошо турган жакшы саамалыкта […]Читать далее
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров АКШнын Вашингтон шаарында өтчү “Борбор Азия – АКШ” саммитине катышат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президенттин басма cөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. “Президент Садыр Жапаров АКШнын президенти Дональд Трамптын АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кезектеги жолугушуусуна чакыруусун ыраазычылык менен кабыл алды. Президенттин администрациясы мамлекет башчысынын АКШга болгон иш сапарына даярдык көрүү […]Читать далее
2025-жылдын тогуз айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Балдар үчүн ишеним телефонуна” 53 871 чалуу катталган. Ведомстводон маалымдашкандай, бул орто эсеп менен суткасына 1 897, ал эми айына 5 985 чалуу түшкөнүн билдирет. Алардын ичинен 2 095 абонент кеңеш же жардам алуу үчүн кайрылган: алардын 869у (41,5%) – балдар, 1 226сы (58,5%) – […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 20-октябрда IV Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө жарлыкка өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, Элдик курултайдын өтө турган күнү өзгөрдү. Эми курултай Бишкек шаарында 25-декабрда өтөт. Буга чейин 22-декабрга белгиленген. Курултайга жалпысынан 700 делегат катышат. Делегаттарды шайлоо, курултайды өткөрүү жана координациялоо үчүн уюштуруу комитети түзүлгөн. Белгилей кетсек, Элдик курултай 2022-жылдан тартып өткөрүлө баштаган. Быйыл төртүнчү […]Читать далее