УКМК тарабынан Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жол менен киргизилип жаткан 6-7 тоннадай күрүчтүн партиясы аныкталды. Атайын кызматтан билдиришкендей, Баткен облусундагы Кадамжай районунун аймагында Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ узак убакыттан бери иш жүргүзүп келген. Алар бажы, салык жана чек ара мыйзамдарын бузуп, Фергана–Чоң-Кара–Кадамжай жолу аркылуу ар кандай товарларды аткезчилик жолу менен өткөрүп турушкан. […]Читать далее
Өлкөдөгү жолдордун 80 пайызы мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жол транспорт тармагына бюджеттен каралган каражаттын көлөмү көбөйүп, ири долбоорлордун курулушу жүзөгө ашып жатат. “Булардын сап башына кыска убакыттын ичинде арыштуу кадамдар менен башталган улуттук маанидеги Барскоон-Бедел жолунун курулуш турат. Кытай менен түз байланышты […]Читать далее
20-октябрдан 26-октябрга чейинки аралыкта өлкө аймагында 24 566 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анан ичинен: тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 3 117; мас абалында унаа башкаруу – 399; унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 227; жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1985; транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу […]Читать далее
25-октябрга карата 488 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырды. Боршайкомдон маалымдашкандай, арыздарды кабыл алуу 30-октябрда аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат. Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген. 30-октябрга чейин шайлоочулар тизмеден өзүн такташы керек болот. Шайлоого карата […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргызстандыктарды Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктады. Төмөндө куттуктоонун тексттин келтиребиз: “Урматтуу мекендештер! Кыргызстандын министрлер кабинетинин жана өз атымдан сиздерди чын жүрөктөн өлкөбүздөгү Жергиликтүү жамааттар күнү менен куттуктайм. Кыргызстандын өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-мартындагы токтомуна ылайык бул майрам ар жылы октябрдын акыркы жекшембисинде белгиленет. Конституция ар бир жаранга өлкө башкаруусуна катышуу укугун берет. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнү менен тармактын кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктады. Төмөндө куттуктоонун тексти: “Урматтуу автотранспорт жана жол чарба кызматкерлери, тармактын ардактуу ардагерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм! Автожолдор – Кыргызстандын негизги артериясы, өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн өзөгү. Өлкө ичиндеги өндүрүш, соода, кызмат көрсөтүү жана башка тармактар дал ушул […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында, Каракол шаарынын таштанды калдыктарын технологиялык жол менен жок кылуучу заводдун курулушуна мезгил кутучасын салуу аземине катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасында экологиялык абалды жакшыртуу жана калктын жашоо сапатын жогорулатуу максатында таштандыларды технологиялык ыкма менен кайра иштетүү аркылуу электр […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев университеттин 100 жылдыгына карата уюштурулган көргөзмө менен таанышты, андан соң юбилейге арналган фильм жана театралдаштырылган пролог көрсөтүлдү. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзамдын максаты президенттин 2024-жылдын 5-апрелиндеги № 90 “2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу жана президенттин администрациясынын 2025-жылдын 10-январындагы протоколдук тапшырмасынын 7-пунктун аткаруу, ошондой эле […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасында билим берүү системасын жана илимди өнүктүрүүгө, республиканын ар кайсы тармактары үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.Читать далее