Ысык-Атада 74 млн сомдук социалдык объектилер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Нурманбет айыл аймагында жайгашкан мурдагы Ысык-Ата мамлекеттик асыл-тукум тоок заводуна караштуу социалдык объектилер (бала бакча, спорт комплекси, байланыш бөлүмү, саркынды сууларды тазалоочу жайы) жер тилкелери менен муниципалдык менчикке өткөрүлбөй, “А-К” акционердик […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) катчылыгынын жетекчиси Сергей Поспеловду кабыл алды. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда май айында Бишкек шаарында өтө турган ЖККУ ПАнын кезектеги жыйынынын программасы талкууланып, карала турган маселелердин долбоорлору тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө мамлекеттер менен […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, «Борбор Азия – Европа бирлиги» Биринчи саммитинин жыйынына катышуу үчүн Самарканд шаарынын (Өзбекстан Республикасы) конгресс-борборуна келди. Мамлекет башчысын Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды. Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземинен кийин делегация башчылары саммитке катышуу үчүн залга киришти.Читать далее
Данияр Амангелдиев япониялык компаниялар менен кызматташуу маселелерин талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев япониялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, эки тараптуу экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулады. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, тараптар инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү, туризмди өнүктүрүү, банк, медицина, энергетика жана санариптик экономика тармагындагы кызматташуу сыяктуу маселелери боюнча пикир алышты. Данияр Амангелдиев кыргыз-япон мамилелеринин динамикасын белгилеп, […]Читать далее
Ысык-Көл облусунда жыл башынан бери 10 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду. Ысык-Көл электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, ишкана керектөөчүлөрдү электр жарыгы менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу, дебитордук карыздарды азайтуу максатында акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштерин улантууда. 2025-жылы Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 55923 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган. Анын ичинен: – Жети-Өгүз РЭТине 15600; – Балыкыч РЭТине 8700; – Ак-Суу […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров “ Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын Кара-Сай айылынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан тоо кыркасынын бийиктиги 4457 метр болгон эң бийик аты жок чокусуна “Бакай-Ата” деген географиялык аталышты ыйгаруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган мыйзам менен Талас облусунун Айтматов районундагы Аманбаев айыл аймагынын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам […]Читать далее
2024-жылы өлкөгө сырттан 872 млн доллар инвестиция келген. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Дамирбек Бикулов радиолордун бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, бул 2023-жылга салыштырмалуу 3% га көп. 2023-жылы өлкөгө сырттан 844 млн доллар инвестиция келген. Ал эми чыккан инвестициялардан саны 284,9 млн долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу 50%га төмөндөдү. […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Өзбекстанга иш сапарынын алкагында Европа кеңешинин президенти Антониу Кошта менен жолугушту. Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашылып, гидроэнергетика жана транспорттук каттамдар жаатындагы долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу келечеги талкууланды. Мамлекет башчысы Кыргызстандын бай жаратылыш ресурстары, анын ичинде пайдалуу кендер жана кайра жаралуучу энергиянын олуттуу потенциалы европалык инвесторлор үчүн […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Самарканд шаарына иш сапарынын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүү, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды. Кыргызстан жана Өзбекстандын лидерлери жалпы чакырыктарды натыйжалуу чечүү жана аймактык коопсуздукту бекемдөө үчүн ынак коңшулук, өз […]Читать далее