Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, Өзбекстан Республикасына иш сапарынын алкагында Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Европа комиссиясынын ортосундагы кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү, анын ичинде соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестицияларды тартуу жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү демилгелерди ишке ашыруу маселелери талкууланды. Садыр Жапаров Борбор Азия жана Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Венгриянын элчиси Шандор Дороги менен жолугушту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга элчиликтин өкүлдөрү, Венгрия айыл чарба жана жашоо илими университетинин ректору Чаб Дюрич жетектеген делегация, ошондой эле Кыргыз улуттук агрардык университетинин өкүлдөрү катышты. Тараптар илимий-билим берүү өнөктөштүгүн өнүктүрүү, квалификациялуу […]Читать далее
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында эл аралык трансулуттук баңгизат тобунун кылмыштуу ишмердигине бөгөт койду. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. УКМК 2025-жылдын башынан бери баңгизаттарды өндүрүүгө жана жайылтууга каршы күрөшүү боюнча пландык иш-чаралардын алкагында синтетиканы өзгөчө ири өлчөмдө сатууга бөгөт койду. Ошентип, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 44 кг 420 гр синтетикалык баңгизат алынып, Кыргызстандын 7 жараны […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту. Кыргызстан жана ЕРӨБ ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, экономиканын стратегиялык тармактарына инвестицияларды тартуу, биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле жеке секторду колдоо жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Кыргызстандын энергетика […]Читать далее
Жалал-Абад облусунда эки көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Сузак районундагы Дмитриевка-Кара-Алма унаа жолунун 5-чакырымындагы көпүрөнүн курулуш иштери уланууда. Бүгүнкү күндө көпүрөнүн бетон дубалын куюу жумуштары аткарылып жатат. Эске салсак, буга чейин жараксыз абалга келген көпүрөнүн ордуна узундугу 18 метр, туурасы 10 метрди түзгөн жаңы көпүрөнү куруу жумуштары […]Читать далее
Тоң районунда 139 батир муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Тоң районунун прокуратурасы тарабынан муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кажы-Сай айылында жайгашкан көп кабаттуу турак үйлөр мыйзамсыз жеке тараптарга берилип кеткендиги аныкталган. Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында, жалпы 93,4 млн сомдук 139 батир муниципалдык менчикке кайтарылды. Ал эми мыйзамсыз чечим чыгарган […]Читать далее
Жогорку Кеңештин депутаттары убактылуу мурдагы өкмөттүн имаратында жыйын өткөрүп турушат. Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмү бул Ак үйдүн имаратында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу экенин билдирди.Читать далее
Нарын мамлекеттик университетинде 300дөн ашуун студент окуудан чыгарылып, 13 кызматкер жазага тартылды. Ошондой эле окуу жайдын айрым жетекчилерин кызматтан алуу сунушталды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан билим берүү системасындагы коррупцияны жана башка мыйзамсыз көрүнүштөрдү жоюу боюнча жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки иш-чаралардын натыйжасында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинен 300дөн ашуун чет өлкөлүк студенттер чыгарылып, 13 окуу жайдын […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде, “Борбор Азия – Европа биримдиги” саммитине катышуу үчүн Өзбекстандын Самарканд шаарына иш сапары менен келди. Мамлекет башчынын учагы Самарканддын аэропортуна конду. Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия жана Европа бирлигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик туулары илинип, учактын алдына килем төшөлүп, Ардак кароол ротасы тизилди. Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана башка расмий […]Читать далее
Адылбек Касымалиев Бишкектеги негизги инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы бир катар стратегиялык маанилүү инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшүнө жана сапатына жеке баа берүү максатында таанышты. Алгач, катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүү жолу менен электр энергиясын өндүрүү боюнча курулуп жаткан экотехнологиялык заводго барды. Завод айланма жолдо, санитардык полигондун аймагында жайгашкан, бул […]Читать далее