Бүгүн 2010-жылдагы Апрель революциясынын 15 жылдыгына карата министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана маданият министри Мирбек Мамбеталиев элдин эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстеликке гүл чамбар коюшту. Иш-чаранын катышуучулары Кыргызстандын адилеттүү, эркин жана демократиялык келечеги үчүн жанын берген мекендештерин бир мүнөт унчукпай эскеришти. “Быйыл биз 24-марттагы элдик революциянын […]Читать далее
Кара-Суудагы өндүрүштүк завод мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Ош облустук прокуратурасы тарабынан мамлекеттик менчик мыйзамдарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Кара-Суу районундагы вино-арак өндүрүш заводу 5.91 га жер тилкеси менен биргеликте жеке жактардын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган. Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 276 млн сомдук 5.91 га жер тилкеси менен өндүрүштүк завод мамлекетке […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, кийин коомчулукта катуу нааразылык жараткан Жер кодексин каршы пикири менен артка кайтарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымында, мамлекет башчысы бул чечимин Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис экендиги менен түшүндүрөт. Ал белгилегендей, эгерде огород же турак жай турган жер мамлекеттик максатка зарыл болсо, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ташкент шаарында уюштурулган Парламенттер аралык бирликтин кезектеги жыйындарынын алкагында Пакистан Ислам Республикасынын Сенатынын Төрагасы Сайед Юсуф Раза Гиллани менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Пакистан өлкөсү менен эки […]Читать далее
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясында баяндама жасады
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясына катышты. Өзбекстандын борбор калаасы Ташкент шаарында өтүп жаткан эл аралык иш-чарада баяндама жасаган Төрага Парламенттер аралык бирлик узак жылдардан бери глобалдык маселелер талкууланган башкы аянтча катары кызмат кылып келе жатканын белгиледи. “Кезектеги 150-маарекелик ассамблеяда учурдун эң маанилүү маселелеринин бири саналган социалдык өнүгүүнү жана […]Читать далее
Кыргызстанда жүзүн толук жапкан кийим кийүүгө тыюу салуу боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан чечим кабыл алынган. “Кабар” агенттиги бул боюнча президент Садыр Жапаровдун пикирин укту. — Саламатсызбы, коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган бир маселе боюнча сизден комментарий алсак. Бул Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлеринин хиджабчан айымдарды токтотуп эскертүү берип жаткан видеосунун талкууга түшүүсү. Анда никаб жана […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери КРнын Министрлер Кабинетинин №361 токтомун ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлгөн рейддик салык контролунун жүрүшүндө бензинди жана дизелдик отунду милдеттүү маркалоого тиешелүү талаптарды бузуу фактыларын аныкташты. Баткен облусундагы автомай куюучу станциялардын биринде, ошондой эле Ош шаарынын аймагында жайгашкан мунай базада маркасы жок дизелдик отунду сактоо фактысы катталган. Маркасы жок күйүүчү майдын жалпы көлөмү […]Читать далее
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясына “Манас” аэропортуна бараткан жолдогу дарактардын мыйзамсыз кыйылгандыгы тууралуу кабар келди. Бул мыйзам бузуу фактын негизинде «Бишкекжашылкурулуш» МИнын жана Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлеринен турган комиссия түзүлдү. 49 дарактын “Кара-Жыгач” жана “Ива” түрлөрүн кыюу учуру катталды. Ошондой эле уруксатсыз санитардык кыйуу да болгон. Маалым болгондой, дарак кыюу иштери алдын ала макулдашпастан жүргүзүлгөн. […]Читать далее
“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорун алкагында 5607 фермер каржыланды
“Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорун алкагында 5607 фермер каржыланды. Бул туулалуу финансы министрлиги маалымдады. 2025-жылдын 31-мартына карата фермерлерге келишимдер түзүлүп, төлөмдөр жүргүзүлдү: Ысык-Көл облусунда (Түп, Ак-Суу, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Тоң р-ну) 1937 адамга (306 СӨЗТ) 249 900 000 сом. Нарын облусунда (Кочкор, Нарын, Жумгал р-ну, Ат-Башы, Ак-Талаа р-ну) 1948 адамга (303 СӨЗТ) 251 815 000 […]Читать далее
Быйыл Эгемендүүлүктүн 34 жылдык майрамы Жалал-Абад шаарында белгиленет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, ага карата облус аймагында 34 жаңы социалдык, өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканаларды пайдаланууга берүү пландалууда. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, аталган объектилердеги курулуш жумуштарынын жүрүшү көзөмөлгө алынууда. Алардын катарында Жалал-Абад шаарындагы 100 орундуу перинаталдык борбор, №1 […]Читать далее