Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик чет өлкөлүк номерлүү унааларды легалдаштыруунун экинчи этабын баштады. Мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, экинчи этаптын алкагында алгачкы унаа 10-регион белгиси менен мамлекеттик номер алды. Унаага укук белгилөөчү документтер да берилген, бул анын ээсине өлкө аймагында унааны мыйзамдуу иштетүүгө мүмкүндүк берет. Эске салсак, Кыргызстанда 1-апрелден тарта чет элдик номерлүү […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров X (Twitter) социалдык тармагындагы баракчасын өзү колдонот, – деп жазды өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейзбуктагы баракчасына. Анын маалыматына караганда, мамлекет башысынын X тармагындагы аккаунту тууралуу “Фейк эмеспи” деген көптөгөн суроолор түшүүдө. “Сиздерге маалымат үчүн билдирип коёлу, президент Садыр Жапаров чын эле X (Twitter’де) расмий баракча ачып, аны жеке өзү […]Читать далее
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ташкенттеги иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Жолугушууга Казакстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын парламенттеринин жетекчилери да катышты. Баарлашууда Борбор Азия чөлкөмүндөгү алакалар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканы белгиленип, калыптанган кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүү үчүн парламенттер аралык байланыштарды бекемдөө тууралуу сөз болду. Ошондой эле аймактагы беш […]Читать далее
Кыргызстанда мектептерге биринчи жана экинчи класстарга кабыл алуу башталды. Ага ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте Tunduk системасына жаңы кызмат киргизди. Эми Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу балдарды мектепке электрондук каттоого болот. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республика боюнча 67 миң 843 бала мектепке катталган. Дагы 219 миң 667 […]Читать далее
Бүгүн Талас шаарынын жаңы Борбордук стадионунун курулушу алдында мезгил кутучасын салуу аземи өттү. УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, ага Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жана шаардын тургундары катышты. Белгиленгендей, Талас облусунун учурдагы Эшим Кутманалиев атындагы жалгыз стадионунун аймагында алгачкы футболдук беттеш 1937-жылы өткөн. Андан кийинки жылдары, стадион курулгандан тарта бир катар оңдоп-түзөө жана жаңылоодон […]Читать далее
Канатбек Калдаралиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким болуп дайындалды. Өлкө башчысынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Калдаралиев президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, ошондой эле КР «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 8-беренесине ылайык кызматка дайындалды.Читать далее
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: Мыйзам чыгаруу органдары өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткыч күчү
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ташкент шаарында уюштурулган Парламенттер аралык бирликтин 150-ассамблеясына катышты. Жыйында Ѳзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев баяндама жасап, өлкөлөр ортосундагы байланышты чыңдоодо парламенттик дипломатиянын ролу чоң экенине токтолду. Буга чейин аталган жыйында Жогорку Кеңештин Төрагасы да сөз сүйлөп, глобалдык кыйынчылыктар, экономикалык туруксуздук жана социалдык теңсиздиктин күчөшү парламенттерге кошумча жоопкерчилик […]Читать далее
Жыл башынан бери Кыргызстанга чет өлкөдөн таза кандуу 245 баш жылкы алып келинген. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында чет өлкөлөрдөн асыл тукум малдар алып келинүүдө. Анын ичинен 2025-жылдын март айына карата Кыргызстанга 245 баш жылкы алынып келинди. Бул жергиликтүү жылкылардын […]Читать далее
“Манас” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин оңдоп-түзөө иштери башталды. “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришкендей, ушуга байланыштуу ар бир дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү саат 18:00дөн таңкы саат 03:00гө чейин каттамдар токтотулат. “Бардык авиакомпанияларга пландалып жаткан оңдоо иштери тууралуу маалымат берилди. Жүргүнчүлөрдөн учуу графигиндеги өзгөрүүлөрдү эске алуусун суранабыз”, – деп айтылат маалыматта.Читать далее
“Тулпар” акционердик коомунун Нарын шаарындагы 1,28 гектар жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК мамлекеттик кыймылсыз мүлк объектилерин жеке менчикке өткөрүп берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүүнүн жыйынтыгында Нарын шаарындагы мурда «Тулпар» АКнын балансында турган жалпы аянты 1,28 гектар жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди. 1992-жылы КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен “Кыргызагростройтранс” бирикмесинин Нарын автобазасы […]Читать далее