Укук тартиби

УКМК пайдалуу кендерди казууга мыйзамсыз лицензия берүү схемасын аныктады

Пайдалуу кендерди казууга мыйзамсыз лицензия берүү схемасы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат контрчалгындоо кызматынын аймагында кум-шагыл аралашмасын казууга лицензия берүү боюнча коррупциялык схемаларды демонтаждоого багытталган ыкчам – издөө иш-чараларынын алкагында КР жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу менен иш жүргүзгөн бир катар компаниялар боюнча маалымат алды. Тактап айтканда, КР жарандары […]Читать далее

Укук тартиби

Кара-Сууда 1,3 млн сомдук мөөнөтү өтүп кеткен суусундуктар аныкталды

Салыкчылар акциздик маркасы жок продукцияларды аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, 15-апрелде рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун Жоош айылында мыйзамсыз суусундуктар сакталган кампа аныкталган. Анда жалпы суммасы 1 млн 340 826 сомду түзгөн, 28 008 даана 0,5 литр көлөмүндөгү акциздик маркасы жок продукциялар жана мөөнөтү өтүп кеткен алкоголсуз сергитүүчү (энергетикалык) суусундуктар […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Нарын облусундагы бир катар объекттердин курулуш иштеринин жүрүшү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында алгач Кочкор районундагы автобекеттин курулуш иштери менен таанышты. Курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу МинКаб Төрагасына Президенттин Нарын облусундагы өкүлү, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри айтып берди. Анда, жалпы аянты 1,5 гектар жерди ээлеген автобекет республикалык […]Читать далее

Коом

Май майрамдарында Ала-Арча жаратылыш паркына автобус каттамы уюштурулат

 1-майдан 11-майга чейин Бишкектен Ала-Арча жаратылыш паркына жарым-жартылай экспресс автобус каттамы уюштурулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, каттамдын акыркы аялдамалары Т.Усубалиев атындагы аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында жайгашат. Белгилей кетсек, жол кире накталай төлөөдө – 50 сом, накталай эмес төлөөдө – 40 сом болот. Автобустар саат 08:00дөн 19:00гө чейин каттайт, зарыл болгон учурда иш тартиби кайрадан каралып чыгат. […]Читать далее

Президент

Президент: Социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө, анын ичинде элибизди жеткиликтүү жана сапаттуу

«Социалдык чөйрөнү өнүктүрүүгө, анын ичинде элибизди жеткиликтүү жана сапаттуу үйлөр менен камсыз кылууга биринчи кезекте маани берип келебиз», – деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-апрелде, Бишкек шаарынын Кубанычбек Маликов көчөсүндөгү Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган турак жай комлексинин жаңы блокторунун ачылыш аземинде. Мамлекет башчысы бүгүнкү батирлердин ачкычтарын тапшыруу – масштабдуу комплекстин курулушунун […]Читать далее

Экономика

Кыргызстан менен Кореянын экономика жана инвестициялык кызматташтыгы жаңы баскычка көтөрүлүүдө

Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангджэ менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө министр Корея Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин айтып, өлкөлөр ортосунда достук жана ишенимдүү мамиле түзүлүп, бир катар багыттар боюнча тыгыз кызматташтык ийгиликтүү өнүгүп жатканын белгиледи. Министр өлкөнүн учурдагы экономикалык өнүгүү тенденциялары жана чет элдик инвестицияларды тартуу […]Читать далее

Коом

Бишкекте майда дагы 250 үй-бүлөгө ипотекалык батирлер тапшырылат

Май айынын ортосунда дагы 250 үй-бүлөгө Бишкектин К.Молдобосанов көчөсүндө жайгашкан ипотекалык батирлер тапшырылат. Бул тууралуу “Мурас” турак жай комплексиндеги батирлердин ачкычтарын тапшыруу аземинде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Темиркул Балтабаев билдирди. Анын айтымында, учурда Бишкек шаары боюнча жалпысынан 11 миңден ашуун батир курулууда. “Атап кетсем, алар К.Маликов көчөсүндөгү “Мурас” турак жай комплекси, ошондой эле “Ынтымак” жана […]Читать далее

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун 2024-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө

Жогорку Кеңештин жыйынында 2024-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету угулду. Жыйында баяндама жасаган Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктарынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Ал прокурордук чара көрүү, жарандардын […]Читать далее

Кырсык

Кыргызстанда 2024-жылы жол кырсыгынан 783 адам каза болгон

Кыргызстанда 2024-жылы жол кырсыгынан 783 адам каза болгон. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын штабынын башчысы Бахрам Сайтходжаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, жол кырсыктары негизинен айдоочунун күнөөсүнүн аркасынан келип чыгууда. “Эң көп катталган жол кырсыктарынын пайызы айдоочунун күнөөсү менен болгон кырсыктар. Карама-каршы тилкеге чыкканда, ылдамдыкты ашырганда, мас абалда унаа […]Читать далее

Укук тартиби

Түп райондук сотунун бөлүм башчысы 85 миң сом параны кайтарып

Түп райондук сотунун бөлүм башчысы пара талап кылуу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында кармалган Түп райондук сотунун бөлүм башчысы А.Э.А. К.Б. аттуу жарандан соттун өкүмүн өзгөртүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн ага 85 миң сом өлчөмүндө акча каражатын берүүгө мажбурлаган. Бирок, бул өкүм […]Читать далее