Президент

Садыр Жапаров «Ихлас Холдингдин» директорлор кеңешинин төрагасын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-апрелде, Түркия Республикасынын «Ихлас Холдинг» акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Ахмет Мужаид Оренди кабыл алды. Жолугушууда түрк инвестициялык компаниялардын катышуусунда энергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланып, жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө, ири ГЭСтерди курууга жана өлкөлөр ортосундагы ишкер байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду. Мамлекет башчы бүгүнкү күндө Кыргызстанда жашыл энергетика объектилерин […]Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев быйыл ишке бериле турган 128 ишкананын катарына кирген

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында тоок этин кайра иштетүүгө багытталган заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалым болгондой, завод ишке берилсе тоок этинен жана мал этинен жасалган продукциялар чыгарылат жана ал Кытай Эл Республикасына экспорттолот. Бул долбоордун максаты Кыргызстандын экспорттук потенциалын […]Читать далее

Аймак

Быйыл Баткенде күнүнө 500 тонна мунайды кайра иштеткен завод пайдаланууга

Баткенде курулуп жаткан мунай заводу Эгемендүүлүк күнүн утурлай пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн президенттин өкүлү Айбек Шаменов Кадамжай районунун Көк-Талаа айылында курулуп жаткан заводдун курулушунан кабар алды. Облус башчысы аталган ишкананын пайдаланууга берилүүсү үчүн жергиликтүү бийлик бардык жактан колдоо көрсөтөрүн айтты. Анткени, ири өнөр жай ишканасы аймактын өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ. […]Читать далее

Коом

Май айынан баштап Алматы – Ош жаңы аба каттамы ачылат

28-майдан тарта Кыргызстан менен Казакстандын түштүк борборлорун байланыштырган аба каттамсы ачылат. “Кыргызстан аэропорттору” ААКтан билдиришкендей, каттамдарды Air Astana авиакомпаниясы жумасына 4 жолу: шейшемби, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарат. “Аба каттамы заманбап Airbus учактары менен аткарылат, 132 орун эконом-класста, 16 орун бизнес-класста”, – дейт Air Astana авиакомпаниясынын Кыргызстан боюнча аймактык менеджери Алибек Берикбосынов.Читать далее

Укук тартиби

Чет өлкөдө соттолгон 700дөн ашуун кыргызстандык экстрадициядан баш тартууда

Чет өлкөлөрдө соттолгон 700дөн ашык кыргызстандык экстрадициядан баш тартууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиев билдирди. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, чет өлкөлөрдө соттолгон жарандарды Кыргызстанга экстрадициялоо процесси анын жеке көзөмөлүндө экенин айтты. “Биз жарандардын кайрылуулары боюнча күнү-түнү иштеп жатабыз. Кайрылуулардын көпчүлүгү экстрациялоо процессинин кечеңдешине байланыштуу болууда. Бул бизден гана эмес, башка […]Читать далее

Билим

Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 53 миң 879 адам катталды

Жалпы республикалык тестирлөөгө быйыл 53 миң 879 адам катталды. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Билим берүүнү баалоо жана окутуунун усулдары борборунун директору Чынара Батракеева билдирди. Анын айтымында, бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу көп. Былтыр жалпы республикалык тестирлөөгө 48 миңге чукул адам катталган. “Бул быйылкы жылдын бүтүрүүчүлөрүнүн былтыркыга караганда көбүрөөк болгондугуна байланыштуу. Алдыда дагы кошумча […]Читать далее

Коом

Өлкөнүн бир катар облустарында үшүк жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан суук аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 17-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 0…-2° ка чейин үшүк жүрүшү күтүлөт. ӨКМ мындай үшүк жемиш бактарынын бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жемиш бактарына коркунуч жаратарын эскертет.Читать далее

Министрлер кабинети

Адылбек Касымалиев Нарында МИК тарабынан курулуп жаткан үйлөрдүн жана көп

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Кочкор районунда “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мында “Менин үйүм 2021-2026” турак-жай программасынын алкагында комплекстүү 2 гектар жерге 8 блоктон турган 200 батирлүү 5 кабаттуу үй […]Читать далее

Коом

Учурда өлкө боюнча дээрлик 62 миң ипотекалык батир курулууда

Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан ушул тапта өлкөнүн ар кайсы аймактарында 62 миңден ашуун батир курулууда. Бул курулуштар 2030-жылга чейин аякталып, үй-бүлөлөргө ипотекалык негизде берилет. Курулуш иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө, анын ичинде: Бишкек шаарында – 17 миң 415 батир; Чүй облусунда – 17 миң 610; Ысык-Көл облусунда – 5 миң 115; Нарын облусунда – 433; […]Читать далее

Коом

Бакыт Төрөбаев жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү боюнча кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Ведомтводон билдиришкендей, кеңештин жүрүшүндө сугат суусу менен камсыздоо, суу тарифи жана учурдагы көйгөлөрдү чечүү жолдору талкууланды. Онлайн кеңешмеге министрликтин түзүмдүк жетекчилери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчылары катышып, министр тарабынан […]Читать далее