Коом

Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жазгы талаачылык жумуштары активдүү

Учурда өлкөнүн Баткен, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жазгы талаачылык жумуштары активдүү уланууда. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө жалпы 193,3 миң га жерде айдап-себүү иштери жүргүзүлдү. Анын ичинен буудай – 52,3 миң га себилип, жалпы пландын 50,8 % түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,9 миң га көп себилди. […]Читать далее

Экономика

Жалал-Абаддагы “Береке” базарынан акциздик маркасы жок 1820 куту тамеки табылды

Жалал-Абад шаарынын “Береке” базарынан мыйзамсыз тамеки продукциялары аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Тактап айтканда, базардагы соода түйүндөрүнүн биринен жалпы суммасы 200 миң 200 сомдон ашкан 1 820 куту тамеки продукциялары тартып алынды. Продукциянын акциздик маркасы жана тиешелүү коштоочу документтери болгон эмес. Бул факты боюнча жеринде КРнын мыйзамдарына ылайык баштапкы процессуалдык документтер таризделип, материалдар […]Читать далее

Коом

Швейцариялык компания Кыргызстанда тоо-лыжа тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар

Кыргызстандын элчиси Омар Султанов Швейцариянын Bartholet Maschinenbau AG компаниясынын президенти Маркус Менци жана тең-президенти Матиас Майер менен жолугушту. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Бишкек шаарында жүргүнчү ташуучу асма жол куруу долбоорунун жүрүшү жана келечеги тууралуу сөз болду. Долбоор экологиялык жактан таза экени жана өлкөнүн борбор калаасындагы аба булгануусуна каршы күрөшүүгө чоң салым кошоору, ошондой эле […]Читать далее

Саясат

Жээнбек Кулубаев “Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши – Борбор Азия”

Эль-Кувейт шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши – Борбор Азия” аталышындагы стратегиялык диалогдун Тышкы иштер министрлеринин III жыйынына катышты. Ведомстводон маалымдашкандай, Кулубаев өз сөзүндө Кыргызстан менен Борбор Азия мамлекеттери жана Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши менен кызматташуунун негизги багыттары жана артыкчылыктары тууралуу маалымат берди. Ал акыркы жылдары Кыргызстан менен араб өлкөлөрүнүн […]Читать далее

Министрлер кабинети

Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар объекттердин

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон иш сапарын аяктап, Ысык-Көл облусуна жумуш сапары менен барып бир катар объекттердин курулушу менен таанышты. Алгач МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүн жана Корумду-Балбай автожолун реконструкциялоо иштери менен таанышты. Маселен, Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсүнүн жалпы узундугу 3,9 […]Читать далее

Саясат

Эль-Кувейтте Кыргызстан менен Бахрейндин эки тараптуу кызматташтыгы талкууланды

Күн мурун Эль-Кувейт шаарында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бахрейн Падышалыгынын тышкы иштер министри Абдулатиф бин Рашид Аль-Заяни менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу “Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши – Борбор Азия” стратегиялык диалогу боюнча Тышкы иштер министрлеринин III жыйынынын алкагында өттү. Тараптар саясий, экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүнүн […]Читать далее

Саясат

Жээнбек Кулубаев Кувейттин мураскер ханзаадасы менен жолугушууга катышты

Күн мурун Эль-Кувейт шаарында тышкы иштер министри Жээнбек КулубаевКувейт мамлекетинин мураскер ханзаадасы Шейх Сабах Аль-Халид Аль Сабах менен жолугушууга катышты. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуу “Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык Кеңеши – Борбордук Азия” Стратегиялык диалогу алкагында өтүп жаткан тышкы иштер министрлеринин III жыйынынын жүрүшүндө уюштурулду. Кулубаев Кувейттин жетекчилигине президенти Садыр Жапаровдун атынан салам айтып, иш-чараны жогорку деңгээлде […]Читать далее

Коом

КР Жогорку сотунун мурдагы төрагасы Мамадияр Исабаев дүйнөдөн кайтты

Кыргыз Республикасы оор жоготууга учурады. 73 жашында белгилүү юрист, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, эң жогорку квалификациялык класстагы судья Мамадияр Исламович Исабаев узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты. Исабаев Мамадияр Исламович 1952-жылы 15-апрелде Ош жергесинин Ноокат районунун Кеңеш айылында туулган. 1967-жылдан 1971-жылга чейин Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайында билим […]Читать далее

Кадр саясаты

Азамат Юсупов Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Юсупов Азамат Маматович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы болуп дайындалды.Читать далее

Президент

Садыр Жапаров юстиция министри Аяз Баетовду мамлекеттик башкарууну бюрократиядан арылтуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-апрелде, юстиция министри – Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Аяз Баетовду кабыл алды. Аяз Баетов Мамлекет башчыга мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө Жарлыктын аткарылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ал Президентке эки отурум өткөргөн тиешелүү комиссиянын ишинин алгачкы жыйынтыктарын маалымдады, ошондой эле Жарлыкты […]Читать далее