“Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогунун” алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Лесото Падышалыгынын вице-премьер министри Нтоменг Маджара менен жолугушту. Маектин жүрүшүндө Эдил Байсалов конокко форумга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан тоолуу өлкө катары туруктуу өнүгүүгө, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жана тоолуу аймактардагы базалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө маани берээрин баса белгиледи. Кыргыз тарап […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде, «Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо» эл аралык конференциясынын экинчи күнүнүн алкагында көчөт отургузууга катышты. Тянь-Шань карагайынын көчөттөрүн отургузуу аземи эл аралык конференциянын кадырлуу конокторунун катышуусунда Ала-Арча жаратылыш паркында өттү. Иш-чара өтүүчү жерде тоо өндүрүмдөрүнүн жарманкеси уюштурулуп, салттуу музыка аткаруучуларынын катышуусунда кыска концерттик программа тартууланды. […]Читать далее
Кыргызстанда жылдын биринчи жарымында жашоо минимумунун орточо көлөмү жан башына 8 миң 253 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Бул өткөн жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 6,2%га өскөн. 2024-жылдын биринчи жарымында жашоо минимуму 7 миң 769 сомду түзгөн. Ар түрдүү социалдык топтор үчүн жашоо минимуму төмөндөгүдөй белгиленди: эмгекке жөндөмдүүлөр үчүн — 9 […]Читать далее
Баткенден Россия жана Казакстанга кулпунай эскпорттоло баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кадамжай районундагы Актурпак айыл аймагындагы “Кызыл Алтын” айыл чарба кооперативи 7 га жер аянтын иштетет, анда жалпысынан 14 киши эмгектенет. Быйылкы жылы 4 гектарга өстүрүлгөн “клера” сортундагы кулпунайдан гектарынан 30 тоннага чейин түшүм […]Читать далее
Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин расмий сапар менен Кыргызстанга келген Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар менен жолугушуусу өттү. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги, ошондой эле күн тартибиндеги эл аралык маселелер талкууланды. Жээнбек Кулубаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясий, экономикалык жана социалдык реформалар тууралуу […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар менен жолугушту. Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Словакиянын ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалы талкууланып, парламенттер аралык өнөктөштүктү тереңдетүү тууралуу да сөз болду. Төрага эки элди эгемендик алгандан берки дипломатиялык алакалар эле эмес, узак жылдарды камтыган тарыхый байланыштар жакындатып турарын […]Читать далее
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Фара Каримини кабыл алды. Жолугушууга Казакстандын парламентинин Сенатынын депутаты Айнур Аргынбекова да катышты. Анда Кыргызстан менен Европа мамлекеттеринин кызматташтыгын арттыруу маселелери талкууланып, анын ичинен Жогорку Кеңеш менен ЕККУ ПАнын ортосундагы өнөктөштүктү өрчүтүү тууралуу […]Читать далее
“Нарын” өндүрүштүк ишканасы” ЖЧКсы орнотулган кубаттуулугу 100 МВт болгон “Куланак” ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууда. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, курулуш аянты Нарын шаарынан 40 чакырым батышты карай, Нарын жана Ат-Башы дарыяларынын кошулган жеринен 0,8 чакырым төмөн жагында жайгашкан. Нарын дарыясынын гидропотенциалын максималдуу пайдалануу жана суу астында калуучу аймакты азайтуу максатында гидротехникалык курулуштардын төмөнкүдөй түзүлүшү каралган: дамба; […]Читать далее
«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү. Жыйында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча отчету каралып, кабыл алынды. «Кумтөр Голд Компанинин» башкармалыгынын төрагасы Бузурман Субанов билдиргендей, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча алтынды сатуудан түшкөн киреше пландалган 739,3 млн доллардын ордуна, 989,1 млн долларды түздү. «Өткөн жылы Кумтөр кен жайындагы тоо-кен иштеринин […]Читать далее
Бүгүн “Суусамыр – Талас – Тараз автожолун реконструкциялоо, IV фаза” долбоорунун курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Иш-чарага транспорт министри Абсаттар Сыргабаев, президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев, Талас шаарынын мэри, Талас облусундагы райондордун мамлекеттик администрациясынын башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты. Сыргабаев долбоор ийгиликтүү ишке ашып, элге кызмат кылуусун каалап, төмөнкүлөргө […]Читать далее