Салык кызматынын кызматкерлери Кара-Суу районунан 372 литр маркасы жок мотор майын аныкташты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери рейддик салыктык текшерүүнүн алкагында Шарк айылында жайгашкан “Г-О” унаа майларын алмаштыруу станциясына текшерүү жүргүзүштү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 67 935 сомду түзгөн, акциздик маркасы жок 372,8 литр мотор майы аныкталып, алынды. Жогорудагы фактынын негизинде жеринде […]Читать далее
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “Ала – Тоо” Эл аралык университетинде “Заманбап коомдо улуттук баалуулуктарды жана маданиятты өнүктүрүүдө жаштардын ролу» аттуу II Республикалык илимий-практикалык конференцияга катышты. Сүйүнбек Касмамбетов өз сөзүндө «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» аттуу жаңы доктринанын маанилүүлүгүн баса белгилеп, студенттерге ата-бабалардан калган мурастарды сактоонун зарылдыгы тууралуу айтып берди. Секциялык жыйындардын жүрүшүндө «Ала-Тоо» Эл аралык […]Читать далее
Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Эстониянын Кыргызстандагы элчиси Яап Ора менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана санариптик чөйрөлөрдө кыргыз-эстон мамилелерин өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду. Сүйлөшүү учурунда ТИМдер аралык саясий консультацияларды үзгүлтүксүз өткөрүү жана […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров 24-апрелде Кыргызстанга расмий сапар менен келген Словакия Республикасынын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланарды кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, экономикалык байланыштарды кеңейтүү, билим берүү, энергетика, транспорт, туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо жаатында өз ара иштешүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы словакиялык делегациянын Кыргызстанга […]Читать далее
Кыргызстанда 2022-жылы жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен 150дөй адам каза болуп, өзгөчө кырдаалдардан орточо жылдык зыян 27 млн доллар деп бааланган. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев “Бишкек+25 саммитине карай туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” эл аралык конференциясында билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк глобалдык жылуулануу процесси Кыргызстанда да байкалып, 2022-2023-жылдары өлкө тарыхында […]Читать далее
Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Лесото Падышалыгынын вице-премьер-министри Нтхоменг Мажара менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, ал “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” аталышындагы эл аралык конференцияга катышуу үчүн Кыргызстанга келген. Саламдашуу сөзүндө тышкы саясий мекеменин башчысы Вице-премьер-министрдин сапары Кыргызстан менен Лесото, ошондой эле жалпы африка континенти менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоого багытталган маанилүү кадам экенин […]Читать далее
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-апрелде Бишкекте БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар Кыргызстан менен ФАО ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалына жана өнүктүрүү перспективаларына байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Азык-түлүк коопсуздугу, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу, жер ресурстарын туруктуу башкаруу, ошондой эле агрардык өнөр жай комплексин өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл […]Читать далее
Словакиянын тышкы жана европалык иштер министри Юрай Бланар расмий сапар менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти. Сапардын алкагында ал тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары, эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо максатында Кыргызстан жана Словакиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өткөрүлөт.Читать далее
Минкаб төрагасы америкалык жана эл аралык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту
Америка Кошмо Штаттарына (АКШ) болгон жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев экономиканын түрдүү тармактарындагы америкалык ири корпорациялардын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Конструктивдүү сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. «Боинг» компаниясынын аймактык директору Павел Чичко менен жолугушууда Кыргызстандын авиациялык инфраструктурасын модернизациялоо жана транзиттик потенциалды өнүктүрүүнү камтыган авиация тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзбекстандын Ташкент шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилеринин биринчи жолугушуусуна катышты. Атайын кызматтан билдиришкендей, алар аймактык коопсуздуктун абалын талкуулап, учурдагы коркунучтар боюнча аналитикалык маалыматтар менен алмашышты. Анда туруксуз аймактардан келип чыккан чакырыктарга биргелешип каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулду. “Кыргыз тарап Борбор […]Читать далее