Саясат

“Чечме” булагы Кыргызстандын аймагында калды

Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы К.К. Ташиев жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри А.Н.Арипов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жыйынын өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында Чечме (Чашма) булагын кармап туруу менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын долбоордук […]Читать далее

Укук тартиби

УКМК: Издөөдө жүргөн чет элдик жаран кармалды

УКМК мыйзамсыз миграциянын алдын алуу боюнча активдүү жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында бир топ адамдар тарабынан киши өлтүрүү фактысы боюнча Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн жакынкы Батыш өлкөлөрүнүн биринин Ш.К. аттуу жаранын аныктады. Тактап айтканда, 2024-жылдын январында Ш.К.га РФнын Тергөө комитети тарабынан Федералдык (мамлекеттер аралык) издөө жарыяланган. Чет элдик жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылбоо […]Читать далее

Аймак

Мырза-Аке айылында 60 орундуу заманбап оорукана курулду

Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында 60 орундуу заманбап оорукана курулду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай -коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Курулуш долбоор 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Жалпы тендердик баасы 133 млн сомду түздү. Үч кабаттуу жаңы имарат бардык курулуш нормаларына жана стандарттарына жооп берет. Оорукана атайын медициналык жабдуулар менен толук жабдылып, келечекте […]Читать далее

Укук тартиби

Казакстандын жарандары тарабынан уюштурулган Бишкек шаарындагы Колл-борбордун кызматкерлерин кармоо жөнүндө

УКМК кибер алдамчылык боюнча мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарында, жетекчилери Казакстан Республикасынын жарандары болгон Колл-борбордун иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ошентип, Колл-борбордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жарандарын биологиялык активдүү кошулмаларды жана тиричилик техникасын сатып алууга көндүрүү максатында системалуу түрдө психологиялык таасир тийгизип, андан соң […]Читать далее

Саясат

Марат Иманкулов Москвада Улуу Жеңишке арналган илимий конференцияга катышты

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Катчылыгы жана Бириккен штабы тарабынан уюштурулган “ЖККУга мүчө-мамлекеттердин элдеринин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке кошкон салымы” деген темада эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты. Президенттин администрациясынан билдиришкендей, иш-чара Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Москва шаарындагы Борбордук музейинде өттү. Конференция башталганча катышуучулар ЖККУнун төрагасы, президент Садыр Жапаровдун видеокайрылуусун угушту. Марат […]Читать далее

Президент

Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 19-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган Мыйзамдын максаты – Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан белгиленген каттоо тартибинин бузулушу менен байланышкан укук бузуулардын […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Казакстанга экспорттоого жашыл коридор түзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Астанага болгон жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын премьер-министринин орун басары – улуттук экономика министри Серик Жумангарин менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери сүйлөшүлүп, жыйынтыгында Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын Казакстанга экспорттоо үчүн жашыл коридор менен камсыз кылуу, […]Читать далее

Аймак

Баткен жана Нарын облустарында жер титиреди

Бүгүн Кыргызстанда эки ирет жер титиреди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан маалымдашты. Биринчи жер титирөө саат 16:32де болду. Жердин силкинүүсү Лейлек районунун Коргон айылында 2,5 баллды түздү. Жер титирөөнүн очогу Коргон айылынан 6 чакырым, Баткен шаарынан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Экинчи зилзала саат 16:37де Нарын облусунда катталды: – Кочкор районунун Семиз-Бел айылында — […]Читать далее

Коом

Ала-Арча паркына амфитеатр жана асма жол курулуп, экотуризмдин борборуна айланат

Бүгүн президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-апрелде “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу: Бишкек+25 саммитине бара жаткан жолдо” эл аралык конференциясынын катышуучулары менен Ала-Арча жаратылыш паркынын аймагына көчөт отургузууга катышты. “Бул иш-чараны кадимки расмий сапар катары эмес, келечекке жасалган жандуу белги катары кабыл алдым. Президенттин колдоосу жана демилгеси менен акыркы жылдары Ала-Арча жаңыча нукта өнүгүп келе […]Читать далее

Министрлер кабинети

Кыргызстан менен Лесото кызматташтыгы талкууланды

“Туруктуу өнүгүү үчүн Глобалдык тоо диалогунун” алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Лесото Падышалыгынын вице-премьер министри Нтоменг Маджара менен жолугушту. Маектин жүрүшүндө Эдил Байсалов конокко форумга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан тоолуу өлкө катары туруктуу өнүгүүгө, климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга жана тоолуу аймактардагы базалык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого өзгөчө маани берээрин баса белгиледи. Кыргыз тарап […]Читать далее