Бишкекте жер алдындагы өтмөк менен унаа токтотуу жайдын курулушу кызуу жүрүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, мэр Айбек Жунушалиев Чүй проспектисинин Шопоков көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки аралыкта курулуп жаткан заманбап жер алдындагы өтмөк жана унаа токтотуу жайдын курулуш иштерин текшерди. Учурда курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат. Шаар башчысы жеринен тиешелүү кызматтарга курулуш маалында жаралышы мүмкүн болгон […]Читать далее
Министрлер кабинети Кыргызстандын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Анын максаты Кыргызстандын аймагында кыргыз жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта), кыргыз жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун киргизүү. Токтом менен Кыргыз Республикасынын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы – паспорту (ID-карта) жөнүндө жобо, […]Читать далее
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 21-августта, Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келди. «Манас» эл аралык аэропортунан Казакстандын лидерин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды. Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулуп, ардактуу кароол тизилген. Улуттук кийимчен кыздар Касым-Жомарт Токаев менен саламдашып, ага гүл жана боорсок менен бал […]Читать далее
Бүгүнкү күндө Россиянын аймында Кыргызстандын 377 миң жараны бар. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Россия аймагында Кыргызстандын жарандары менен түзүлгөн жалпы эмгек келишимдердин саны 600 миңден ашык. “Жарандар менен келишимдердин ортосундагы айырмачылыктын себеби, бир жаранда эки же андан көп эмгек келишими болушу мүмкүн. Негизинен Россияда мыйзамдар […]Читать далее
Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы ЖЭБке тиешелүү 2,98 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул утуралуу УКМКдан билдиришти. СССР учурунда кубаттуулугу 52 Гкал/саат болгон жылуулук электр борбору мурдагы “Оргтехника” комбинатынын өндүрүштүк объектилерин, ошондой эле Миң-Куш айылындагы социалдык жана турак жай объектилерин жылуулук менен камсыз кылып турган. Жылытуу үчүн отун катары күрөң көмүр колдонулган. ЖЭБ 1994-жылы “Оргтехника” заводунун […]Читать далее
Ош шаардык билим берүү башкармалыгында коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын өздөштүрүү жана ыйгарып алуу фактылары аныкталды. Тактап айтканда, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын мурдагы бухгалтери А.А. бир катар жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен кылмыштуу сүйлөшүүгө барып, мыйзамсыз […]Читать далее
Жети-Өгүз районуда мурда мыйзамсыз менчиктештирилген 17 га жер мамлекетке кайтылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2019-жылдан 2024-жылга чейинки аралыкта Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан, Кызыл-Суу айылынын жашоочуларына 9 га жер тилкесин, көп жылдык мөмө-жемиш бактары отургузулган делген шылтоо менен бир топ мыйзам бузуулар аркылуу жеке менчикке чыгарылган. Ушундай эле факт боюнча 2018-жылы Жети-Өгүз […]Читать далее
Лейлекте чек арадан көчүрүлүп чыккандар үчүн 76 турак үйдүн курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бүгүн облус башчысы Айбек Шаменов турак үйлөрдүн курулушунан кабар алды. Учурда Кулунду айыл аймагынын Раззаков айылында 60 үй, Максат айылында 16 үй курулууда. Мында 200гө жумушчу иштеп жатат. Облус башчысы Айбек Шаменов, жергиликтүү жетекчилер менен куруучуларга […]Читать далее
Бүгүн Бишкек шаарындагы Технопаркта кыргыз-казак жаштар форуму өтүп жатат. Ага Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, министрдин орун басары Марат Тагаев, Казакстандын маданият, маалымат министри Аида Балаева, ошондой эле эки өлкөнүн жаштары катышууда. Форум Кыргызстан менен Казакстандын жаштарынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө, маалыматтык технологиялар, санариптик ишкердик жана инновациялар тармагында тажрыйба алмашууга […]Читать далее
Бүгүн ыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев дүйнөлүк футбол легендасы жана “Алтын топтун” ээси Христо Стоичков менен жолукту. Бул тууралуу биримдиктен билдиришти. Футбол жылдызы бүгүн Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде Football for Schools (“ФИФА мектептер үчүн футбол”) программасынын расмий ачылыш аземинин ардактуу коногу болду. Христо Стоичков өлкөдө бул программанын ийгиликтүү башталышы менен КФБ президентин куттуктады. Ал […]Читать далее